2019-жылдын 17-ноябрында, Элүүлүктүн 23-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостоль улуу княгина Ольга храмында таңкы Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу аны менен кызмат өтөдү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой.
17-ноябрь жол-транспорт кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү болуп саналат. Литургия аяктагандан кийин Улуу Урматтуу Жол-транспорт кырсыгында каза болгондордун урматына лития өтөдү.
Андан кийин башчы чиркөөгө келгендерге осуят сөзү менен кайрылды, ал бул күнү Патриарх Кирилл автокырсыктарда көз жумгандардын урматына лития өтөөгө ыраазычылыгын бергенин баса белгиледи. «Бизде жолдо адамдар согуштан да көп өлүп жатат. Кыргызстанда жылдык статистика адамдын үрөйүн учурат. Тилекке каршы, бул жоопкерчиликсиздиктен улам болуп жатат, жоопкерчилик жок, анткени ишеним соолуп баратат. Биз христиандар рулга отураардан мурда чокунуп жана Кудайдан жолго чыгаарда ыраазычылык берүүнү өтүнүүнү унутпашыбыз керек. Көп учурда күбөлүктү сатып алышат дагы, жол кыймылынын эрежелерин билбестен рулга отурушат. Бул биздин жолдордо кырсыктын көп болушуна алып келүүдө. Бүгүн, жолдо каза болгондорду эскерүү менен, биз жолдо өзүбүздү кандай алып жүрүү керектигин унутпашыбыз керек».
Архипастырлык сөзүнөн кийин башчы Даниил чиркөөгө келгендерге батасын берип жана аларга Кудайдын жардам кылуусун каалады.