Ыйык-Воскресенск соборунда «Благовест» XV Эл аралык фестивалынын ачылышы болду

  20 ноября 2019   На русском
В Свято-Воскресенском соборе состоялось открытие XV Международного фестиваля «Благовест»

2019-жылдын 17-ноябрында, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун руханий-агартуу борборунун конференц-залында «Благовест» XV Эл аралык фестивалынын ачылышы болду.

Фестивалдын катышуучуларына куттук сөзү менен митрофордук протоиерей Валентин Никонов кайрылды.

Православ маданиятынын, славян искусствосунун салттары Кыргызстандын аймагында өнүгүп жана колдоого алынышы керек, ошондуктан бул фестивалга элдик хорлордун, клиростордун, ансамблдардын, улуу дагы, жаш дагы муундагы солисттердин катышуусу маанилүү болгон.

Фестивалда 30дан ашык номер тартууланды, алардын мыктылары 24-ноябрда саат 13.00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өтө турган гала-концертке катышууга жолдомо алышты.

Чиркөө ыры бөлүмү, билим берүү бөлүмү башчыбыз Даниилге, бардык катышуучуларга, кайрымдуулук жана маалыматтык бөлүмгө фестивалдын биринчи турун өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.