Улуу урматтуу,
Ыйык Башчы жана биздин мээримдүү Атабыз!
Сиздин туулган күнүңүздүн урматына Ыйык Сиздин момун послушнигиңиздин, дин кызматкерлеринин, монахтык кылуучулардын жана Кыргызстандын бардык православдарынын атынан эң жылуу жана чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!
Сизди бул жарыкка чакырган Кудайдын Тилеги Орус Чиркөөсүнө кызмат кылуу бийиктигине жеткирип, Чындык Сөзүн башкарууга бийик укук тартуулады. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин, сөзгө, тирүүлүккө, сүйүүгө, рухка, динге, тазалыкка ишенгендер үчүн (1 Тим. 4:12) Сизде жаралган анык Христ Кызматчысынын кейиби архипастырларга, пастырларга, монахтык кылуучуларга жана карапайым адамдарга Кудайга карата сүйүү жолу менен жүрүүгө умтулуунун дем берүүчү мисалын тартуулайт.
Бүгүн Орус Чиркөөсү үчүн кубанычтуу күнү терең кадырлоо менен, биз, бардык Сиздин ишенимдүү балдарыңыз, Жараткандан Улуу урматтуу Сизге бекем ден соолук жана узак өмүр тартуулоону, Патриархтык кызматты аркалаганда Кудайдын берешен көмөгүн каалайбыз!
Ыйык Башчыбыз, Сизге көп жыргалчылык каалайбыз!
Сизден Ыйык сыйынууларыңызды жана ыраазычылыгыңызды өтүнөм.
Сиздин момун послушнигиңиз

Бишкек жана Кыргызстан епискобу
2019-жылдын 20-ноябры