Митрополит Викентий Бишкектеги Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  22 ноября 2019   На русском
Митрополит Викентий совершил Божественную литургию во Владимирском соборе Бишкека

2019-жылдын 22-ноябрында, Элүүлүктүн 23-жумасында, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий ыйык тең апостолдук улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), протоиерей Алексей Зайцев, Ош округунун благочинныйы протоиерей Виктор Реймген, Ысык-Көл округунун благочинныйы протоиерей Сергий Чувичкин, Талас округунун благочинныйы протоиерей Дмитрий Шушпанов, Бишкек епархиясынын катчысы иерей Александр Пелин, иерей Георгий Дворовой, иерей Николай Пелых.

Литургия аяктагандан кийин Кудай Эненин «Скоропослушница» иконасынын алдында Аны даңктоо аткарылды.

Андан кийин митрополит Викентий чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда бардыгын «Скоропослушница» Кудай Эненин иконасын ардактоо майрамы менен куттуктады.

«Бул иконанын аталышын Кудай Эне Өзү берген. Кудай Эне монахка ким бул иконанын алдында жардам сурап ишеним жана үмүттөнүү менен сыйынса, ар бир адамга Жакын Послушница болоорун айткан. Бул окуя бизге ыйыктарды өзгөчө кастарлап жана Кудайдан коркуу менен мамиле кылышыбыз керектигин айтып турат. Күндө иконанын жанынан өткөн инок өзүнүн тамызгысы менен аны ыштаган, Ыйык Кудай Эне аны тыйылууга жана кастарлап мамиле кылууга чакырган кабар алат. Бирок ал буга кулак каккан эмес жана көрбөй калуу менен жазаланган, бирок күнөөсүн мойнуна алып, тез арада сокурлуктан сакайып кеткен. Ушундан улам, биз Кудайга карата жасап жаткан бардык иш-аракеттерибизге акыл менен мамиле кылышыбыз керек. Биз көп пайдаланган нерсе – бул крест жышааны. Көбүнчө биз муну ойлонбостон, дароо жасайбыз. Бирок бул чоң күч, биз өз ишибизди терең түшүнүү менен өзүбүздү крест жышааны менен шыктандырсак, ошондо биз акылыбызды, жүрөгүбүздү, өзүбүздүн жан дүйнө жана дене бой күчүбүздү жарыктандырабыз. Туура жайгаштыруу бизди ар кандай жамандыктан коргогон күч берет». Башчы Викентий ошондой эле ыйыктардын күч-кубатына аяр мамиле кылуу зарылчылыгын белгиледи жана чиркөөгө келген адамдарды Кудай жана Анын ыйыктары менен баарлашууда, жердеги жыргалчылыкты барк албастан, бирок Кудай Падышачылыгын жана жан дүйнөнүн түбөлүк куткарылуусун издеп, пайда изөөгө чакырды.

Митрополит Викентий Бишкекке архипастырлык сапары менен келген жана 2019-жылдын 21-ноябрында өткөн “Православие жана Ислам – тынчтыктын диндери” конференциясына катышууга чакырылган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.