Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында «Благовест» XV Эл аралык фестивалынын гала концерти өттү

  26 ноября 2019   На русском
В Русском театре драмы им. Чингиза Айтматова состоялся гала-концерт XV Международного фестиваля «Благовест»

2019-жылдын 24-ноябрында Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында «Благовест» XV Эл аралык фестивалынын гала концерти өттү.

Фестивалга Кыргызстандан жана Казакстандан келген 250 адам катышты. Епархиянын катчысы иерей Александр Пелин, көрүүчүлөргө куттук сөзүн айтып, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин фестивалдын катышуучуларына куттук сөзүн окуду.

 «Ушул жылдагы мааракелик «Благовест» XV Эл аралык фестивалынын гала концертинин катышуучуларына жана конокторуна жалындуу саламымды айтам!

Фестивалдын аталышынын өзү символикалуу. «Благовест» – бул жакшы жаңылык, бизге Жараткан-Куткаруучунун биздин дүйнөгө келүүсү жөнүндө кубанычтуу кабарды жеткирген Евангелиенин өзү. Биздин убакта, кылымдан бери келаткан адептик адаттарды жана салттарды өзгөртүү боюнча олуттуу аракеттер көрүлүп жатканда – негизги руханий баалуулуктарды салтанат менен жарыялоо абдан актуалдуу жана зарыл. Ошондуктан биздин өлкөдө православ маданиятынын жана славян искусствосунун салттарын колдоого алуу маанилүү.

Салтка айланган «Благовест» фестивалы өзүнүн он беш жылдык тарыхында Кыргызстанда жашаган ар кандай курактагы жана улуттагы таланттуу авторлорду жана аткаруучуларды чогултат, жана өзгөчө маанилүү жагдай – православ руху жана туулган жерге болгон патриоттук сүйүү идеясын көтөрөт!

Кесипкөй артисттерди эмес, элдик таланттарды тартуу менен салттуу славян жана православ маданиятын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу идеясы биздин агабыз, биздин өлкөдө жана анын чегинен тышкары белгилүү болгон, акын жана аткаруучу– Юрий Сергеевич Анастасьянга таандык. Анын талыкпас эмгегинин жана камкордугунун аркасында бул салт өнүктү. Бүгүн ден соолугуна байланыштуу Юрий Сергеевич бул иш-чарага катыша албай калды. Баарыңыздардан сыйынуу менен Мээримдүү Кудайдан биздин агабыз – Юрийдин саламаттыгын жана күчүнүн бекемделишин суранууну өтүнөм!

Бул жылы биз дагы бир мааракелик датаны – фестивалды өткөрүүдөгү биздин туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшүбүздүн бири болгон Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун 25 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ушуга байланыштуу коомдун жетекчилерине – Анна Алексеевнага жана Марат Асанбекович Кутановго ден соолук жана ийгилик каалайбыз.

Урматтуу коноктор жана фестивалдын катышуучулары! Кымбаттуу ага-инилер жана эже-сиңдилер!

Кудайдын мээрими жана ыраазычылыгы менен, мындан ары дагы «Благовест» славян искусствосунун эл аралык фестивалы салт болгондой өзүнө Кыргызстандын гана эмес, жакынкы чет өлкөлөрдүн жаңы чыгармачыл жамааттарды тартып, өнүгө берсин! Жаратуучу берген авторлордун жана аткаруучулардын таланты заманбап коомдо салттуу жана кылымдан бери келаткан руханий-адептик негиздерди бекемдөө максатында кызмат кыла берсин, динге ишенимди арттырсын жана уникалдуу маданиятынын көп түрдүүлүгү менен бай туулган өлкөгө болгон терең сүйүү орун алсын!»  

КРдагы Роскызатташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Еремина Екатерина Владимировнанын, ошондой эле Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасынын орун басары Кутанов Марат Асанбековичтин маараке менен жылуу куттуктоосу айтылды.

Архиерей хорунун, орус элдик жамааттарынын, балдар клиросунун, солисттердин, «Грация» балдардын бий ансамблынын катышуусундагы майрамдык концерт ар кайсы приходдордон, айылдардан келген көрүүчүлөрдү, ошондой эле борбор калаанын тургундарын көңүл кош калтырган жок.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.