Рождество постунун башталышы. Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  28 ноября 2019   На русском
Начало Рождественского поста. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 28-ноябрында, Элүүлүктүн 24-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуудан кийин диакон Виктор Штыркин кош орарь менен сыйланды.

Рождество посту – жыл ичиндеги акыркы көп күндүк пост. Ал 28-ноябрда башталат жана 7-январга чейин уланат, кырк күнгө созулат, ошондуктан Чиркөө уставында Төрт ондук, ошондой эле Улуу пост деп аталат. 

Рождество посту биз Христтин Туулган күнүнө карата өзүбүздү тобо кылуу менен, сыйынуу менен жана пост менен тазалашыбыз үчүн, таза жүрөгүбүз, жан дүйнөбүз жана дене боюбуз менен ааламга жаралган Кудайдын Уулун кастарлап тосуп алуубуз үчүн белгиленген.

Туура пост – бул адамдын өзү менен өзүнүн күрөшү. Ал жөн эле физиологиялык жактан эмес, өзүн жогору коюу аракети. Ошондуктан туура пост – бул кубаныч. Ал туура баштан өткөргөн  православие. 

Посттун гастрономиялык бөлүгү максат эмес, болгону сыйынууга жана Тобо кылуу сырларына негизделген туура руханий жашоо үчүн каражат. Пост сыйынуусуз – бул жөн гана диета.

Башка көп күндүк посттор сыяктуу эле, Рождество постун белгилөө христианчылыктын байыркы мезгилине таандык. Төртүнчү кылымдан тартып св.Амвросий Медиоланский, Августин өз чыгармаларында Рождество постун эскерет. Бешинчи кылымда Рождество постунун мурдатан келатканы жөнүндө Улуу Лев деп жазган: “Кудай бизге жердин жемиши менен кандай берешендик менен байытса, биз дагы бул пост убагында жакырларга берешен болушубуз керек”.

Заговенье (посттун алдындагы күн) ыйык апостол Филиппти эскерүү күнүнө (27-ноябрь) туш келгендиктен, бул пост жөнөкөй эл арасында Филипп посту деп аталып калган (бул Христтин Туулган күнүнө даярдык катары посттун максатын бурмалаган).




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.