Бишкек епархиясынын билим берүү жана катехизация бөлүмү жармаңке жана концерт өткөрдү

  09 декабря 2019   На русском
Отдел образования и катехизации Бишкекской епархии провел ярмарку и концерт

2019-жылдын 7-декабрында башкаруучу архиерейдин ыраазычылыгы менен, ыйык улуу азап чегүүчү Екатеринанын эскерүү күнү, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында посттук тамактардын жана колго жасалган буюмдардын жармаңкеси өттү, ага епархиянын ар кайсы приходдору катышты. Жармаңкеде даамдуу тамак-аштар, сувенирлер жана балдардын колго жасалган буюмдары коюлду.

Жармаңкеден кийин келген адамдар үчүн майрамдык концерт уюштурулду. Келген адамдарга амандашуу сөзү менен епархиянын духовниги митрофордук Валентин Никонов сүйлөдү, андан кийин концертти архиерей хору ачты.

Концертке ыйык улуу азап чегүүчү Димитрий Солунский храмынын (Сосновка а.) “Лучик” жекшембилик мектебинин балдар хору, ыйык князь Владимир мектебинин хору (Бишкек ш.), Архистратиг Михаил храмынын клиросу (Беловодск а.), “Перезвоны” эркектер ансамблы жана “Соловушки” ансамблынын солисткасы Тимошенко Катя (Кара-Балта ш.) катышты.

Эске сала кетсек, Бишкек жана Кыргызстан епархиясы Ыйык синоддун 2011-жылдын 27-июлундагы аныктамасы менен Ташкент жана Ортоазия епархиясынан бөлүү аркылуу түзүлгөн. Ыйык азап чегүүчү Екатерина күнү епархияда белгиленет, анткени дал ушул күнү 2011-жылы Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда биринчи жолу архиерейлик кудайга сыйынуу өткөн.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.