Епархиянын жаштар бөлүмү “Жаныңдагынын үнүн ук” конфестине катышты

  11 декабря 2019   На русском
Молодежный отдел епархии принял участие в конфесте «Прислушайся к тому, кто рядом»

2019-жылдын 11-декабрында, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жаштар бөлүмүнүн өкүлдөрү КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган иш-чарага – “Жаныңдагынын үнүн ук” конфестине катышты.

Форум Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.

Епархиянын жаштар бөлүмү пряниктерге жалтыркап менен жазуу боюнча ийгиликтүү мастер-класс өткөрдү жана өзүн сынап көрүүнү каалаган көп сандагы адамдарды тарта алды. Андан кийин Орус Православ Чиркөөсүнүн өкүлдөрү башка конфессиялардын өкүлдөрү  менен биргеликте боз үй тигүүгө катышты.

Башка иш-чаралардын арасында каллиграфия, мусулмандардын гигиенаны жана саламаттыкты сактоо каражаттары, мехенди жазмасы, жоолук салынуу, булгарыдан буюмдарды даярдоо ж.б. боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Күндүн экинчи жарымында бардык конфессиялардын өкүлдөрү баяндама окушту. Епархиянын атынан “Күчтүү адамдар – боорукер адамдар” баяндамасы сунушталды, аны Андрей Полищук окуду.

Иш-чараны жыйынтык чыгаруу менен Дин иштери боюнча Мамкомиссиянын директору Эргешов З.Ж аяктады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.