2019-жылдын 5-июлунда биринчи Конфессиялар аралык веложарыш башталды, анын каттамы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Балыкчы шаарынан баштап Каракол шаарына чейин созулат. Веложарыштын максаты Кыргызстанда конфессиялар аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ошондой эле өлкөдө сергек жашоо образын жана велоспортту жайылтуу болуп саналат.