Педалды айланткан жолду арбытат

  06 июля 2019   На русском
Дорогу осилит педали крутящий

2019-жылдын 5-июлунда биринчи Конфессиялар аралык веложүрүш башталды, анын маршруту Балыкчы шаарынан Каракол шаарына чейин Ысык-Көлдүн түштүк жээги менен созулат. Вело жүрүштүн максаты Кыргызстандагы конфессиялар аралык өз ара мамилелерди чыңдоо, ошондой эле өлкөдө дени сак жашоо образын жана велоспортту илгерилетүү.  Вело жүрүш Орус Православ Чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын демилгеси менен, ошондой эле “Сүйүү булагы” демилгелер борборунун жана Кыргызстандын Библия коомунун колдоосу менен Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын макулдугу менен өткөрүлүп жатат.

Веложүрүшкө православ, протестант жана баптист чиркөөлөрүнүн 24 өкүлү, ошондой эле велоклубардын өкүлдөрү жана велосүйүүчүлөр катышып жатат. Иш-чаранын тартибин жана катышуучулардын коопсуздугун Ысык-Көл облусундагы укук коргоо органдары камсыз кылышат, ал эми жалпы маршруттун жүрүшүндө вело-колоннаны  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери коштоп жүрүшөт.

2019-жылдын 4-июлунда Балыкчы шаарында вложүрүштүн бардык катышуучулары жолугушту, аларды Блаженная Ксения Петербуржская храмында кубануу менен тосуп алышты. Бул жерге келгендер узак жолдон кийин эс алышты, анткени алардын көпчүлүгү Бишкектен велосипед менен келишти. Эс алуудан кийин жана бирге бышырылган топуктуу түшкү тамактан соң велосипеддерди саякатка даярдоо иштери башталды. Баары даяр болгондо катышуучулардын баары үчүн кызыктуу маектешүү болду, анын жүрүшүндө каалагандар храмдын тарыхы жөнүндө билип, бири-бири менен таанышып жана жөн гана кызыктуу маек куруп жатышты. Маектешүүнү Кыргызстандын Библия коомунун төрагасы Федянин Роман Геннадьевич жана Блаженная Ксения Петербуржская храмынын жетекчиси протоиерей Артемий Долотов өткөрүштү.

Эртең менен таң атканда 24 кишиден турган велоколонна жолго чыкты. Жолдун биринчи бөлүгү - Балыкчы шаарынан баштап Тоң айылына чейин – эң татаал жана узундугу 100 километрге жакын жолду куйкалаган күндүн алдында басып өтүү керек болот. Жолдо ар кандай майда окуялар болуп жатты, бирок  ар бир кишинин эмгеги биринчи түнөй турган орунга келгенде даамдуу түшкү тамак жана көлгө чөмүлүү мүмкүнчүлүгү менен акталып кетти. “Кекилик” аттуу жерге тигилген боз үйлөрдүн шаарчасында  вело саякатчыларды жергиликтүү журналисттер жана теле көрсөтүү тосуп алды.

Саякатчылар палаткаларын тигип жана бир аз эс алгандан кийин алар үчүн кызыктуу интерактивдүү маектешүү өткөрүлдү. Иерей Илия Меляков оюндар аркылуу кишинин диний ишениминен көз карандысыз түрдө кандай баалуулуктар ар бир кишин ин жашоосунда маанилүү экендигин айтып бере алды.

Экинчи күнү, 6-июлда, вело турдун маршруту Тоң айылынан баштап Жеңиш айылына чейинки 80 километрге чейинки аралык болду. Анда иш-чаранын катышуучулары католик чиркөөсүнүн балдарды реабилитациялоо борборуна мейман болушту, анын өкүлдөрү велосаякатчыларды кезектеги жолу түнөтүү үчүн кубануу менен тосуп алышты.

7-июлда эртең менен вело жүрүштүн катышуучулары Каракол шаарындагы Ыйык Троица храмына бараары пландалган, аталган храм ушул кызыктуу саякаттын финалдык чекити болмокчу.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.