Епископ Даниил Ортоазиялык митрополиттик округдун Синодунун жыйынтыктоочу отурумуна катышты

  18 декабря 2019   На русском
Епископ Даниил принял участие в итоговом заседании Синода Среднеазиатского митрополичьего округа

Ортоазиялык митрополиттик округдун Синодунун бир жылдагы Округдун епархияларынын ишинин жыйынтыктарын чыгаруучу жыйынтыктоочу отуруму 2019-жылдын 16-17-декабрь күндөрү Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын руханий-административдик борборунда өттү. Отурумга Ортоазиялык митрополиттик округдун башчысы Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий төрагалык кылды. Синоддун отурумуна төмөндөгүлөр катышты: Түркмөнстанда Орус Православ Чиркөөсүнүн приходдорунун патриархтык благочиниесин убактылуу башкаруучу Пятигорск жана Черкес архиепископу Феофилакт, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Павел.

Отурумда 19 журнал каралды. Аларда акыркы үч айдагы Округдун епархияларындагы негизги, маанилүү окуялар чагылдырылган. Өз кызматынын жыйынтыктарын чыгаруу менен, ар бир архипастырь маанилүү, башкы нерсе тууралуу өз оюн айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Митрополит Викентий: «Биз Округдун Синодунун жыйынтыктоочу отурумуна чогулдук. Өтүп бараткан жылда бизди кубанткан негизги окуялар эске түшүүдө. Жараткан бизге бул жылы тартуулаган кубанычтар жана жубатуулар, жыргалчылыктуу сапарлар үчүн Кудайга ыраазычылык билдиребиз. Биз Ыйык Кудай Энеге ыраазычылык билдиребиз, Ал бизге өзгөчө мээримдүүлүгүн көрсөттү. Бул жылы Кудай Эненин Феодоров иконасын – биздин Чиркөөнүн улуу ыйыктарынын бирин тосуп алдык. Аны көрүүгө келген биздин республикалардын бардык жашоочулары, Ортоазиялык митрополиттик округдун жашоочулары өзгөчө жыргалчылыкты сезишти. Ал Өзүнүн омофору менен жана Өзүнүн сүйүүсү менен бардык бул адамдарды чөмүлттү. Биз Ыйык Кудай Энеге Ал бизге Американын Нью-Йорк шаарынан келген Курск-Түпкү “Жышаан” кейибинде келгени үчүн ыраазыбыз. Биз кубандык жана бул ыйыктан чыккан Кудайдын жыргалчылыгына “чөмүлдүк”. Биз Ыйык Кудай энеге Афондон “Афондун уулдары” православ боордоштугунун тапшырыгы боюнча Ташкент епархиясы үчүн тартылган “Кубаныч жана Жубатуу” иконасы келгени үчүн ыраазыбыз. Ошентип, бул жыл өзгөчө Кудайдын жыргалчылыгына мол болду. Кудайдын мээримдүүлүгү жана Ыйык Кудай Эненин сыйынуулары эч качан бизди калтырбасын жана биздин Ортоазиялык митрополиттик округда жашаган элдерде ишенимди жана такыбалыкты бекемдөө үчүн биздин Чиркөөнүн урматына жаслаган андан аркы эмгектерибизге дем берсин».

Архиепископ Феофилакт: «Мында бири бирибизге болгон кызыгуу эң маанилүү. “Силердин епархияда кандай?”, “Силерде эмне кызыктуу болуп жатат?”. Синоддун отурумдарында бул дайыма көңүл борборунда болот, анын ичинде бул өлкөдө колдонулган мыйзамдарга негизденүү менен, мүмкүнчүлүктөргө негизденүү менен ким жана эмнени жасай алды, ким жана кантип ишти жөнгө сала алды баары кызык. Айта кетсек, бул мүмкүнчүлүктөр аз болууда. Бирок, таң калыштуусу, быйылкы жылы биз Орто Азияда бири бирибизге  баруу менен, бул боордоштук мамилелер бекемдеп баштаганын сездик. Зыяратчылык адамдарды өзгөчө бириктирет эмеспи. Албетте, биздин Округдун епархияларына ыйыктарды алып келүү маңыздуу. Бул жерде, адамдардын жүрөгүндө жана жан дүйнөсүндө кала турган Асмандын эң көрүнүктүү изи десек болот».

Епископ Даниил: «Өтүп бараткан жыл Кудайдын жардамы менен туруктуу, өнүккөн темпте болду. Болуп өткөн окуялар бардык белгиленген пландар толук аткарылганын, епархияны, биздин руханий жашоону өнүктүрүү, биздин православ калкты, мамлекеттер аралык жана диний диалогду колдоо боюнча кийинки жылга жаңы пландар пайда болгонун айтып турат. Жакшы жагы быйылкы жылы биз жасаган иштерди улантууну гана эмес, ишибизди өнүктүрүүнү, көбөйтүүнү пландап жатканыбызда».

Епископ Павел: «Эң башкы окуя - бул менин Дүйшөмбү епархиясынын башкаруучу архиерейи болгонум. Жалпысынан мен Тажикистандын аймагында өз ишин жүргүзгөн приходдор, дин кызматкерлери, россиялык уюмдардын өкүлдөрү менен тааныштым, көйгөйлөрдү түшүндүм жана башчыбыз Викентийден кеңеш алуудамын. Азыр көйгөйлөрдү чечүүнү жана биздин епархияны өнүктүрүүнү белгилеп жатабыз».

Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын пресс-кызматынын материалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.