Ортоазиялык митрополиттик округдун архиерейлери Округдун башкы собордук храмында Литургияны аткарышты

  18 декабря 2019   На русском
Архиереи Среднеазиатского митрополичьего округа совершили Литургию в главном соборном храме Округа

2019-жылдын 17-декабрында, ыйык азап чегүүчү Варвараны эскерүү күнү, Ортоазиялык митрополиттик округдун башчысы Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий Түркмөнстанда Орус Православ Чиркөөсүнүн приходдорунун патриархтык благочиниесин убактылуу башкаруучу Пятигорск жана Черкес архиепископу Феофилакт, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Павел, ошондой эле собордун жана Ташкент благочиниесинин храмдарынын криликтеринин  тең кызмат өтөөсү менен Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды. Кудайга сыйынуу Ортоазиялык митрополиттик округдун башкы храмында – Ташкент шаарынын Ыйык Кудай Эне Дүйнөдөн кайтуусу соборунда өтөлдү. Буга чейин кечинде бул жерде салтанаттуу кудайга сыйынуу аткарылган болчу.

Литургияны аяктагандан кийин митрополит Викентий архипастырларга, пастырларга жана кудайды сүйүүчү пастваларга кайрылып, бардыгын ыйык азап чегүүчү Варвараны эскерүү күнү менен куттуктап, төмөндөгүлөрдү белгиледи:

«Бул Жаратканды даңктоо үчүн, өлүм, азап чегүү жана кайгы коркунучу алдында дагы Христтен баш тартпоо үчүн, Христ үчүн көп азап чеккен даңктуу ыйык азап чегүүчү. Бул улуу эрдик жана Кудайдын эркине берилгендик, ал Христти бүткүл жүрөгү менен, жан дүйнөсү, өзүнүн бекемдиги, бүтүндөй акылы менен сүйгөн. Кудай жөнүндө, Даңктуу Үчтүк, Атасы жана Уулу жана Ыйык Рух жөнүндө түшүнүгүн ал Кудайдын жараткан нерсесинен, биздин табияттан Кудайды издөөнүн аркасында алган».

Өзүнүн осуят сөзүндө башчы Викентий архипастырларга “биздин биримдикти, биздин Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүүнү, биздин митрополиттик округда бул өлкөлөрдө жашаган адамдардын ортосунда тынчтык, ынтымак, сүйүү үстөмдүк кылуусун күбөлөндүрүү” үчүн биргелешкен кызмат өтөө жана собордук сыйынуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жооп иретиндеги сөзүндө архиепископ Феофилакт өзгөчө белгиледи:

«Кереметтүү Ташкент шаарынын бул соборунда ыйык азап чегүүчү Варвараны эскерүү кандай кубанычтуу, аны сыйынууларыбызда эскеребиз.

Кымбаттуу башчыбыз, биринчи кезекте, Сизден Москва жана бүтүндөй орус Ыйык Патриархы Кириллге, биздин Чиркөөнүн башчысына, анын колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык сөздөрүбүздү айтууңузду өтүнөбүз. Жараткан бизге Өзүнүн жубатуусу менен келет, бизге көңүл буруусу, жакшы сөздөрү менен келет. Жараткан биз менен Өзүнүн архиерейлеринин, дин кызматкерлеринин жана ишенимдүү адамдарынын айткандары аркылуу сүйлөшөт.

Башчыбыз Сизге дагы ыраазычылык билдиребиз, анткени өтүп бараткан жылда Сиз эч кандай сыноолорго сынбастан, чыдамдуу адам бойдон калдыңыз. Сиз эч кандай жагдайда чөгөлөбөйсүз, Сиз Кудайга гана жүгүнөсүз жана Анын Таза Энесинин алдында гана ийилесиз, Анын кейибин Сиз катуу сүйөсүз жана Анын кейибинин алдында биз сыйынууларыбызды айтып жана сыйынууларыбызда Кудайга үмүттөрүбүздү билдиребиз.

Бүгүнкү майрам – бул Иисус Христке биригүү майрамы. Биз баарыбыз Ыйык Христтин Сырларына катышуучу болуп калдык. Ушул жылдын бул салымы алдыдагы убакытка жана кирип келаткан жылга ыраазычылык болуп калсын».

Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын пресс-кызматынын материалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.