2019-жылдын 24-декабрында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын социалдык кызматынын долбоору болгон жаңы “Боорукердик автобусун” кереметтөө чинин аткарды.
Кереметтөөдөн кийин дароо автобус үй-жайсыз адамдарга тамак берүү үчүн өзүнүн биринчи рейсине чыкты. Бул каттам боюнча камкордукка алынган эки адамга азык-түлүк баштыгы жеткирилди.
Бул долбоор алты жылдан бери иштейт, бирок өткөн жылы эски “Боорукердик автобусу” жараксыз болуп калып жана оңдоого мүмкүн болбой калган. 2019-жылдын январынан тартып социалдык кызмат жана кайрымдуулук епархиялык бөлүмү долбоор үчүн жаңы транспортко каражат топтоп баштаган – алдын ала эсептөөлөр боюнча миллион сом талап кылынган. Демилгени ММКлар, уюмдар жана жеке адамдар колдоого алышты. Жаңы автобуска каражат Кыргызстанда гана эмес, Россияда жана Германияда дагы топтолду.
Натыйжада он айдын ичинде керектүү сумма топтолуп жана 2-декабрда Mercedes-Benz Sprinter автоунаасы сатылып алынды. Жаңы автобустун баасы – 1 088 100 сом, дагы жети миң сом техникалык профилактикага жана керектүү комплектөөчү деталдарды сатып алууга сарпталган. Бул сумманын алтымыш пайыздан ашыгын кыргызстандыктар чогултушту, 35 пайызын – россиялыктар кайыр-садага кылышты жана калган 5 пайызын – Германиядагы жана Казакстандагы мекендештер чогултуп беришти.