25-декабрь – керемет жаратуучу, Тримифунт епискобу ыйык Спиридонду эскерүү күнү. Епископ Даниил Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  25 декабря 2019   На русском
25 декабря – день памяти святителя Спиридона, чудотворца, епископа Тримифунтского. Епископ Даниил совершил Божественную литургию

2019-жылдын 25-декабрында, Элүүлүктүн 28-жумасында, керемет жаратуучу, Тримифунт епискобу ыйык Спиридонду эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Алексеев кошумча бөлүгүндө Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: архимандрит Пётр (Путиёв), протоиерей Андрей Кунавин, иерей Владимир Кусаинов.

Ыйык Спиридон Тримифунттук III кылымдын аягында Кипр аралында төрөлгөн. Ал койчу болгон, аялы жана балдары болгон. Өзүнүн бардык каражаттарын жакындарынын жана карыялардын муктаждыктарына берип турган, бул үчүн Жараткан аны керемет жаратуу таланты менен сыйлаган: ал айыкпас оорулууларды сакайткан жана жиндерди кууган. Аялы каза болгондон кийин, император Улуу Константиндин (306-337) падышалыгы убагында ал Кипрдын Тримифунт шаарына епископ болуп дайындалган. Епископ кызматында ал пастырлык кызмат өтөөсүн кайрымдуулук иштери менен бириктирип, өзүнүн жашоо образын өзгөрткөн эмес.

Чиркөө тарыхчыларынын маалыматы боюнча, ыйык Спиридон 325-жылы I Ааламдык Собордун ишине катышкан. Собордо ал арийлик ерести коргогон грек философу менен мелдешке чыккан. Ыйык Спиридондун жөнөкөй айткан сөзү адамдын акылмандыгынын бүтүндөй күч-кубатын көрсөткөн: “Укчу, философ, мен сага буларды айтам: биз Кудуреттүү Кудай жок нерседен Өзүнүн Сөзү жана Руху менен асманды, жерди, адамды жана бардык көрүнгөн жана көрүнбөгөн дүйнөлөрдү жаратканына ишенебиз. Сөз бул Кудайдын Уулу, Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жерге түшүп, Девадан төрөлүп, адамдар менен бирге жашап, азап чегип, бизди куткарып жана кийин Өзүнүн азап чегүүлөрү менен баштапкы күнөөнү жууп, кайрадан тирилүү үчүн өлдү. Биз Ал Жалгыз экенине жана Атасы менен Тең ардактуу экенине ишенебиз жана буга эч кандай жаман ойлорсуз ишенебиз, бул сырды адамдын акылы менен ачуу мүмкүн эмес”. Аңгемелешүүнүн натыйжасында христианчылыктын душманы анын коргоочусуна айланып жана ыйык Чокунууну кабыл алган.

Ыйык Спиридон менен сүйлөшүүдөн кийин, өз досторуна кайрылып, философ деп айтат:

“Уккулачы! Мелдеш далилдер аркылуу жүргүзүлгөндө мен бир далилге каршы экинчисин берип турдум, жана өзүмдүн талашуу жөндөмүм менен түшүнгөнүмдүн баарын чагылдырдым. Бирок акылдан чыккан далилдердин ордуна бул карыянын оозунан кандайдыр бир өзгөчө күч чыгып баштаганда, далилдер ага каршы алсыз болуп калды, анткени адам Кудайга каршы тура албайт. Эгерде кимдир бирөөңөр мен сыяктуу ойлонсоңор, анда Христке ишенип жана мени менен бирге Кудай Өзү анын сөзү аркылуу айтып жаткан бул карыянын артынан түшөт”. Ошол эле Собордо ыйык Спиридон арийлерге каршы Ыйык Үчилтиктеги Биримдиктин ачык далилин көрсөткөн. Ал колуна кышты алып, аны кысат; көз ирмемде андан жогору карай жалындап от чыгат, төмөн карай суу агат, ал эми керемет жаратуучунун колунда топурак калат. “Бардыгы үч стихия, ал эми кыш жалгыз, - дейт ошондо ыйык Спиридон, - Ыйык Үчилтикте дагы ушундай, Үч Тарап, ал эми Жараткан Жалгыз”.

Агартуучу өзүнүн паствасына мээримдүүлүк менен кам көргөн. Анын сыйынуусу менен кургакчылык нөшөрлөгөн жамгыр менен алмашкан, оорулуулар айыгып, жиндер куулган. Бир ирет ага колунда өлгөн бала бар аял келет, жардам кылуусун суранат. Сыйынуу менен ал ымыркайды жашоого кайтарат. Кубанган эне да кулап калат. Бирок Кудайдын жактоочусунун сыйынуусу энени дагы тирилтет.

Агартуучунун жашоосунда дагы бир окуя болгон. Бир ирет бош чиркөөгө кирет, чырактарды жана шамдарды жагат жана Кудайга сыйынууну баштайт. “Бардыгына тынчтык” деп айтканда, ал жана диакон: “Сага дагы” деп айткан жогору жактан жаңырган көптөгөн добуштарды угушат. Бул адамдын бардык обондорунан жагымдуу улуу хор болгон. Ар бир ектенияда көрүнбөгөн хор “Жараткан, ырайым кыл” деп ырдаган. Чиркөөдөн чыккан обонду угууга жакын турган адамдар шашыла жөнөшөт. Алар чиркөөгө жакындаганда жагымдуу обон аларга даана угулуп жана жүрөгүн жибиткен. Бирок алар чиркөөгө киргенде епископ жана саналуу чиркөө кызматкерлеринен башка эч кимди көрүшпөйт жана жагымдуу обонду укпай калышат, ошондо укмуштуудай таң калышат”.

Ошондой эле Сократ Схоластиктин уурулар ыйык Спиридондун койлорун уурдашканы тууралуу аңгемеси белгилүү: караңгы түндө уурулар кой сарайга киришет, бирок ошол замат көзгө көрүнбөгөн күч менен байланып калышат. Таң атканда ал койлорго келет жана байланган ууруларды көрүп, сыйынып, аларды бошотот жана жаман жорукту калтырууга жана адал эмгек менен жашоого көпкө көндүрөт. “Андан кийин аларга бирден кой берип, кое берет, мээрим төгүп деп айтат: силер куру бекер келген болбогула”.

Агартуучунун бүтүндөй жашоосу укмуштуудай жөнөкөйлүгү жана Жараткан ага тартуулаган керемет жаратуу күчү менен таң калтырат. Ыйыктын сөзү менен өлгөндөр тирилген, ааламат басылган, идолдор кыйраган. Александрияда Патриарх тарабынан идолдорду жана капищтерди кыйратуу үчүн Собор жыйналганда, Собор аталарынын сыйынуусу менен эң ардакталган бир идолдон башка бардык идолдор кулаган. Партиарх бул идол ыйык Спиридон Тримифунттук тарабынан кыйроо үчүн калганын көрөт. Собор тарабынан чакыртылган агартуучу кемеге отурат, кеме жээкке токтоп, агартуучу жерге түшкөндө, Александриядагы идол бардык курмандыктары менен күлгө айланат, бул Партриархка жана бардык епископторго ыйык Спиридондун жакындаганынан кабар берет.

Такыбалык менен ыйык Спиридон жердеги жашоосун жашаган жана сыйынууда өз жан дүйнөсүн Жаратканга берген († болж. 348). Чиркөө тарыхында ыйык Спиридон ыйык Николай, архиепископ Мирликийский менен бирге даңкталат. Анын күч-кубаты Корфу аралында анын атындагы чиркөөдө берилген (колунан башка, ал Римде). Аны эскерүү сүрбыштак ишембисинде кайталап эскерилет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.