Манастагы престолдук майрам. Епископ Даниил ыйык такыба Иоанн Кронштадтский храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  02 января 2020   На русском
Престольный праздник в Манасе. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме
святого праведного Иоанна Кронштадтского

2020-жылдын 2-январында, Элүүлүктүн 29-жумасында, ыйык такыба Иоанн Кронштадтскийди эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Манас айылында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), протоиерей Андрей Борисенко, протоиерей Игорь Дронов, иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин храмды айлана кресттик жүрүш жасалды. Андан кийин епископ Даниил катышкан адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда дин кызматкерлерин жана чиркөөгө келген адамдарды ыйык такыба Ионн Кронштадтскийдин урматына арналган престолдук майрам менен куттуктады.

“Ыйык такыба Ионн Кронштадтский өзүн туура жолго салуунун үстүнөн тынымсыз эмгектенген, өзүнүн руханий жашоосун өркүндөткөн, Кудайдын берекесин издеген легендарлуу адам болгон. Өзүнүн кызмат өтөөсүнө сабырдуулук менен мамиле кылып, бул берекени өзүнүн пастырлык кызматында көбөйткөн, бул бүтүндөй орус элинин духовниги кылган. Ал оор революция алдындагы мезгилде жашаган. Ал өлгөндөн кийин Орус Православ Чиркөөсү жана орус эли коркунучтуу кудайды жээриген куугунтукка кабылган. Иоанн Кронштадтский муну алдын ала көрө билген жана өз элин ишенимди жана өз ара сүйүүнү сактоого чакырып, коргогон.

Албетте, көпчүлүк адам бул сөздү түшүнгөн эмес. Ал эми биз үчүн бул тажрыйба, эгерде биз өз ишенимибизди сактабасак, анда биздин жашоо адамдын каны, азап чегүүсү жана кайгысы менен коштолот. Бирок адам ишеними сактап жана сүйүүнү көбөйтсө, Жараткан өз мээримин төгөт. Иоанн Кронштадтский сунуштаган мындай сүйүүнү тарбиялоонун бир жолу боорукердик болуп саналат. Биз айланадагы адамдарга көңүл буруп, муктаждыгын көрүп жана жардам берүүгө умтулушубуз керек. Материалдык болбосо дагы, руханий жактан – сыйынуу, колдоо сөздөрүбүз, бардык жакшы сөздөрүбүз менен жардам беришибиз керек. Мунун баарын, жылмаюу адатын, адамдарга сый-урмат менен мамиле кылууну жана жардам кылууга даярдыкты өзүңдө тарбиялоо керек.

Сүйүү – бул өзүнө жогоруда айтылгандардын баарын бириктирген иш-аракет. Ал эми сүйүүдө – Кудайдын Өзү камтылган”.

Сөзүн аяктагандан кийин башчы бардыгына Кудайдын жардам кылуусун каалап жана Бишкек епархиясынын мээрман айымдарын ыйык такыба Иоанн Кронштадтский колдоочу болуп саналган майрамы менен куттуктады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.