Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  06 января 2020   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2020-жылдын 5-январында, Элүүлүктүн 29-жумасында, Христтин Туулган күнүнүн алдында жекшемби күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин башчы чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды. Өз сөзүндө Улуу урматтуу Христтин Туулган күнүнүн алдында жекшемби күнү окула турган Евангелие окуусунун маанисин түшүндүрүп берди. Матфейден калган Евангелие 46 муундун аттарын саноо менен башталат. Евангелист чүчү кулак кармоо боюнча ага Иудейде насаатчылык кылуу тапшырылгандыктан муну жасайт. Ошол жактын жашоочулары Жаңы Осуятты жакшы билишкен. Христти кабыл алуу үчүн аларга Анда пайгамбарлык аткарылганын жана Ал чынында падыша Давиддин тукумунан чыкканын жана Авраамдын тукуму экенин көрсөтүү керек болгон.

“Христтин туулган күнү – бул улуу майрам. Биз аны ал жаркын, балдардын, кубанычтын майрамы болгону үчүн эмес, Жаңы жыл келгени үчүн эмес, Кудайдын Уулу бул ааламга келгени үчүн өзгөчө тосуп алабыз. Биз Аны тосуп алабыз, андан кийин Чиркөөдө кудайга сыйынуунун бүтүндөй мезгилинде көрүү менен, биз Аны Крестке коштоп барабыз жана Анын Тирилишин – Кудайга айлануунун финалын тосуп алабыз.

Келгиле, өзүбүзгө суроо берели – биз бул майрамга кандай даярдандык? Биз Куткаруучуну тосуп алууга өзүбүздү ичте канчалык даярдадык? Ар бир пост биздин жан дүйнөбүз үчүн ар башкача болот. Биздин руханий жашоо үчүн бирдей посттор болбойт. Кимдир бирөө пост менен момундук кылат, кимдир бирөөнү пост менен момун кылышат. Эң башкысы, адам посттун өтүшүнөн сезиши керек – бул жан дүйнөнүн тынчтануусу, Кудайдын жаратканын кабыл алуу. Кудайга айланууну түшүнүү үчүн алгач өзүңдүн ичиңде Кудайды төрөлтүү керек. Муну кантип жасоо керек? Бул биздин ишеним бекемдегенде мүмкүн болот. Жандуу православ ишеними сүйүүнүн, кечиримдин, боорукердиктин, жакшы мамилелерди түзүүнүн өзү”.

Архипастырлык сөзүн аяктагандан кийин башчы чиркөөгө келгендерге батасын берди жана бардыгына Кудайдын жардамын каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.