Биздин Жараткан Иисус Христтин туулган күнү. Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  07 января 2020   На русском
Рождество Господа нашего Иисуса Христа. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2020-жылдын 6-январынан 7-январга караган түнү, биздин Жараткан Иисус Христтин туулган күнү майрамында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды. 

Майрамдык Литургияда Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ключары архимандрит Петр (Путиёв), собордун клириктери.

 

Запричастие ырларынан кийин Москва жана бүтүндөй Орус Ыйык Патриархы Кириллдин Рождестволук кайрылуусу окулду.  

Түнкү Литургия аяктагандан кийин Бишкек епархиясынын башчысы динге ишенген адамдарды Христтин Туулган күнү майрамы менен куттуктады:

“Бүгүн православ христиандарынын улуу салтанаты – биздин Жараткан Иисус Христтин Туулган күнү болду. Бүгүн ар бирибиз жүрөгүбүздү кубанычка жана Христтин Туулган күнүнүн тынчтыгы менен толтурдук. Кудайдын даңкында эмес, падышалык даңкта эмес, адамдын даңкында эмес, тынчтыкта жана жакырчылыкта бул күнөөкөр ааламга Кудай ымыркайы келген. Ага жайлуу орун дагы табылган эмес – үңкүрдө Жараткан туулат. Бирок Рождество бизге Вифлеем Жылдызын көрсөтөт, бизге Периштелерди көрсөтөт, алар койчуларга жакшы кабар айтат жана үңкүргө сыйкырчылар келишет, алар Кудай катары, Ыйык катары, Адам катары ага алтын, ладан жана жыпар жыттуу чайыр ала келишет.

Биздин Куткаруучу Ал кандай дүйнөгө келатканын жана Аны эмне күтүп турганын түшүнгөн. Бирок бул дүйнөгө келүү менен, Жараткан Өзүнүн өзгөчө сүйүүсүн ала келет. Ар бирибиз ушул сүйүүгө умтулалы. Биз өз өмүрүбүздү бири бирибизге болгон, ата-энеге жана жакындарыбызга болгон, балдарга болгон жана Мекенге болгон сүйүү менен өткөрөбүз. Мунун баары аркылуу биз кыйла жогорку – Кудайдын сүйүүсүнө умтулабыз. Бүтүндөй өмүрүбүздө бул сүйүү куралат жана жетилет. Өмүр жолубузда биз Кудай Ким экени жана Ал эмне үчүн төрөлгөнү тууралуу түшүнүккө келебиз. Өзүнүн Төрөлүүсү, андан кийин Тирилиши менен Жараткан бизди эң коркунучтуу туткундан, биз төрөлгөндөн тартып мөөр сыяктуу басылган күнөөдөн куткарган. Ошондон тартып адамдар тобо кылуу улуу үмүтүнө ээ болушат жана бул тобо кылуу аркылуу, берекелүү тартуулар аркылуу түбөлүк жашоого жол алат”.

Өз сөзүндө Улуу урматтуу дин кызматкерлерине, катышкан ар бир адамга, архиерей хоруна, храмды көрккө бөлөгөн адамдарга ыраазычылык билдирди. “Силер – Кудайдын Чиркөөсүн түзүүчү, Кудайдын элисиңер”.

Рождестволук осуят сөзүн аяктап жатып башчы Даниил Кыргызстандын православ адамдары дайыма ыйык храмдарга баруу, тобо кылуу жана храмдарды өзүнүн сыйынуулары менен толтуруп жана өз жүрөгүн кубанычка толтуруп, улуу сырга жакындоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалады. Ошондой эле башчы баарына бекем ден соолук, Кудайдын жардамын жана Вифлеем жылдыздарынын жарыгы астында үңкүрдө тынчтыкта жарыкка келген Куткаруучунун Өзүнүн Төрөлүшүнүн мисалы боюнча жан дүйнө тынчтыгын жана сабырдуулукту каалады.

Осуят сөзүн аяктагандан кийин епископ Даниил көп жыл Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда эмгектенген Гулова Ирина Ивановнаны III даражадагы Ысык-Көлдүк Ираклий медалы менен сыйлады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.