Бишкек епархиясында III Рождестолук окуу өттү

  13 января 2020   На русском
В Бишкекской епархии прошли III Рождественские чтения

2020-жылдын 10-январында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун руханий-агартуу борборунун конференц-залында башкаруучу архиерейдин ыраазычылыгы менен епархиянын православдык жалпы билим берүү жана жекшембилик мектебинин балдары үчүн III Рождестволук жолугушуу өттү. Майрам рождестволук тропарды жалпы ырдоо жана епархиянын духовниги, митрофордук протоиерей Валентин Никоновдун куттук сөзү менен башталды.

Иш-чарага епархиянын жети приходунан 90дой бала катышты. Иш-чаранын программасына рождество темасына байланыштуу викториналар, шаңдуу кыймылдуу оюндар жана жекшембилик мектептердин оюндары кирди. Колядкалар жаңырды, музыкалык-адабий оюндар, үлгү болуучу сценалар көрсөтүлдү. Ар бир катышуучу өзүнүн чакан ойногон ролу менен ымыркай Христке тартуу жасоого жана Анын бул ааламга келишин даңазалоого умтулду. Майрам Рождество кондагын ырдоо жана таттуу белектерди жана «Куликовский» кондитердик үйүнүн тортторун тапшыруу менен аяктады. 

Рождестволук жолугушуулар кызыктуу, эмоционалдык шаңдуу жана улуу Христтин Туулган күнү майрамынын кубанычына толгон маанайда өттү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.