Рождестволук жаштар балы

  15 января 2020   На русском
Рождественский молодежный бал

2020-жылдын 12-январында Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын православ жаштар кыймылынын өкүлдөрү үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу Рождестволук бал өттү.

Калыптанган салт боюнча иш-чаранын катышуучуларына амандашуу сөзү менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавин кайрылды, ал балдарды майрамы менен куттуктап жана көпчүлүк жаштар үчүн өмүрүндө биринчи жолу болуп жаткан алдыдагы иш-чарага ийгиликтерди каалады. 
Быйылкы жылы балды өткөрүүгө бир нече жаңылык киргизилген. Биринчиден, бал бардык жаштар үчүн жалпы болуп калды, катышуучуларды даш курагы боюнча бөлүшкөн жок, бул жаштар кыймылынын өкүлдөрүнүн көп топтолушу үчүн негиз болду. Экинчиден, иш-чаранын катышуучуларынын курамы өзгөрдү. Бул ирет жаштар арасында пишпек жана маевка станицаларынын казак орустары көбүрөөк болду. Балды алып баруучулардын курамы дагы өзгөчө болду, аны Бишкек жана Каракол шаарларынын жаштар клубдарынын өкүлдөрү өткөрүштү. 
Балдын программасы ар түрдүү болду. Салтка айлангандай бал бийлери боюнча мастер-класстан тышкары, балдар өздөрүн бий гана эмес, интеллектуалдык ар кандай сынактарда көрсөтө алышты – ар бири Христтин Туулган күнү майрамы жөнүндө өз билимин көрсөтө алды. 
Балды жыйынтыктаган “Ручеек” салттуу оюну иш-чаранын катышуучуларынын өзгөчө көңүлүн бурду.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.