Чокунуу майрамынын арапасында (Крещенский сочельник) епископ Даниил Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жана сууга улуу керемет киргизүү чинин аткарды

  18 января 2020   На русском
В Крещенский сочельник епископ Даниил совершил Божественную литургию и чин Великого освящения воды во Владимирском соборе

2020-жылдын 18-январында, Чокунуу майрамынын арапасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостолдук улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жана сууга улуу керемет киргизүү чинин аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: архимандрит Пётр (Путиёв), протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Николай Пелых.

Бул күндөрү сууга керемет киргизүү эки ирет болот – Чокунуу майрамынын арапасында жана Кудайдын кубулуу (Богоявления) майрамынын өзүндө. Эки күнү тең керемет киргизүү бирдей чин менен өтөт, ошондуктан бул күндөрү керемет киргизилген суу эч айырмаланбайт жана агиасма (улуу ыйык) деп аталат.
Бул күнү Богоявления тропарын ырдоо менен үйүнө чокундурулган суу бүркүү салты бар. Чокундурулган сууну жыл бою ачкарын бир аз өлчөмдө ичишет, негизинен “күч-кубатты, саламаттыкты бекемдөөчү, оору айыктыруучу, жиндерди айдоочу жана бардык кастыкты жоготуучу” просфора кесиндиси менен ичишет.
Ыйык сууну жана просфораны ооз тийүүдөгү сыйынуу.

“Жараткан Кудай, мени күнөөлөрдөн арылтуу үчүн, менин акылымды тунук кылуу үчүн, менин руханий жана дене бой күчүмдү бекемдөөдө, жан дүйнөнүн жана денемдин саламаттыгы үчүн, кумарданууну жана алсыздыкты жеңүүдө сыйынуулар менен Сенин чексиз кайрымдуулугун боюнча Сенин ыйык тартууң жана Сенин ыйык сууң жашасын. Аминь”.

Ооруганда же жаман күчтөр кол салганда сууну каалаган убакта ойлонбостон ичүүгө болот жана ичүү керек.
Ыйык суунун өзгөчө касиети жөнөкөй сууга бир аз өлчөмдө кошулганда ал жакшы касиеттерин жайылтат, ошондуктан ыйык суу тартыш болгон учурда аны жөнөкөй суу менен аралаштырууга болот.

Керемет киргизилген суу – бул Кудайдын берекеси жуурулушкан чиркөө ыйыгы экенин эстен чыгарбоо керек жана ал кастарлап мамиле кылууну талап кылат. Кастарлап мамиле кылганда ыйык суу көп жыл бою бузулбайт. Аны өзүнчө орунда, үйдөгү иконостастын жанында сактоо керек.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.