Епископ Даниил Улуу урматтуу Москва жана бүтүндөй Орус Патриархы Кириллди интрондоштуруунун 11-жылдыгы менен куттуктады

  31 января 2020   На русском
Епископ Даниил поздравил Его Святейшество Патриарха Московского и всея Руси Кирилла с 11-й годовщиной интронизации

УЛУУ УРМАТТУУ, ЫЙЫК БАШЧЫ ЖАНА БИЗДИН МЭЭРИМДҮҮ АТАБЫЗ!

    Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлеринин, монахтык кылуучулардын атынан жана жеке менин атымдан бүтүндөй Орус Православ Чиркөөсү үчүн салтанаттуу жана өзгөчө унутулгус окуя – Улуу урматтуу Сизди Биринчи ыйыктык такка интрондоштуруу күнү менен чын жүрөктөн куттуктообузду кабыл алыңыз!

    Орус Чиркөөсүнүн тарыхында Ыйык Патриархты интрондоштуруу сыяктуу доордо бир болуучу окуя Улуу урматтуу Сиздин атыңыздан Чиркөөгө өз жанын берип жана берилип кызмат кылуунун айкын мисалы болду. Сиздин Биринчи ыйык омофоруңуз астында миллиондогон паства куткарылуу менен калкага алынган.

    Сиздин ар бир сөзүңүз жүрөктөрдө жана жан дүйнөдө жандуу добушту таба алат, үмүт берет жана жубатат, бизди жакшы ишке шыктандырат. Сиз акылман сөзүңүз жана жакшы үлгүңүз менен, Куткаруучу Христтин осуяттары боюнча жашоого жана Ыйык Православиеге ишенимдүүлүккө чакырып, түбөлүк Евангелия чындыктары жөнүндө дем берип жана ишенимдүү күбөлөндүрөсүз.

    Бул салтанаттуу жана унутулгус күндө, ар бирибиз, бүтүндөй Орус Православ Чиркөөсү, Сизге бекем ден соолук жана узак өмүр, Патриархтык кызмат кылуунун улуу Крестин алып жүрүүдө түгөнгүс, берешен Кудайдын жардам кылуусун каалайбыз!

    Улуу урматтуу Сизге узак өмүр жана жакшылык каалайм!

 

Сиздин момун послушник,

________________________________

БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЕПИСКОБУ

2020-жылдын 1-февралы




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости