Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды. Тоого сапар алуу

  17 февраля 2020   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе. Поездка в горы

2020-жылдын 16-февралында, адашкан уул жөнүндө жумада, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Алексеев кошумча алтарында таңкы Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу литургиясынан кийин атасынан мурастап калган байлыгын сайраңдап жок кылган адашкан уул жөнүндө евангелие үгүт-насаат аңгемеси окулду. Берилген мурас түгөнгөндөн кийин, уулу өзүнүн күнөөсүн түшүнүп, атасынын үйүнө кайтат, атасына ийилип жана өз жоругуна өкүнө турганын айтат. Атасы уулу чын дилден өкүнүп жатканын көрүп, мээримдүүлүк менен баарын кечирип жана аны кубануу менен кабыл алат.
Бул үгүт-насаат аңгеме бизди Жараткандын мээримин алуу үчүн өз күнөөлөрүбүздү моюнга алышыбыз керектиги тууралуу үйрөтөт.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил өзүнүн туулган күнүндө тоого, Орловкадагы тоо-лыжа бзасына сапарды уюштурду.

Кудайга сыйынуу литургиясын аяктагандан кийин архипастырдын туулган күнүн спорт менен, лыжада жана сноуборддо белгилөөнү чечишти. Епископ Даниил жаштар бөлүмүндөгү балдарды, Архиерей балатысын өткөрүүгө катышкан Владимир мектебинин окуучуларын, епархиянын дин кызматкерлерин аялы жана балдары менен муз тебүүгө чакырды. Бардыгы иш-чарага 99 адам катышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.