Кыргызстандагы православ жаштары күнү

  18 февраля 2020   На русском
День православной молодежи в Кыргызстане

15-февралда Кыргызстандын православ жаштары өз майрамын – Православ жаштары күнүн белгилешти, ал Сретения Господня майрамы менен бир күндө белгиленет.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн Жаштар иштери боюнча сектору атайын программа даярдаган. Быйылкы жылы төрт благочинийдин: Бишкек, Чүй-Токмок, Беловодск жана Талас православ жаштар кыймылынын өкүлдөрү чогуу майрамдоо үчүн чогулушту. Бардыгы иш-чарага 80ден ашык адам катышты.

Бардык майрамдык иш-чаралар салт болгондой Кудайга сыйынуу литургиясы менен башталды, андан кийин коноктор үчүн Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна экскурсия өткөрүлдү. Андан соң иш-чаранын катышуучулары чогуу дасторкондо кездешти.

Башкы окуя “Кыргызстандын православ жаштар кыймылын өнүктүрүүнүн перспективалары” темасындагы тегерек үстөл болду. Православ жаштар кыймылынын активисттерине амандашуу сөзү менен Билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавин кайрылды. Андрей ата тегерек үстөлдүн катышуучуларына “Улуу жеңиштин мураскорлору” долбоору жөөнүндө айтып берди, аны ар бир приходдо жүзөгө ашырууну сунуштады. Долбоор Улуу Ата Мекендик Согуш жана анын катышуучулары жөнүндө маалымат топтоону карайт, анын жыйынтыгында эстелик китеп даярдалат.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө приходдук жаштар клубдарынын өкүлдөрү алардын храмдарында өткөрүлүп жаткан жаштар иш-чаралары жөнүндө баяндама жасашты. Мындан тышкары чогулгандардын алдында Билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн Жаштар иштери боюнча секторунун кызматкерлери сөз сүйлөштү, алар Сектордун иши жана өткөрүлө турган епархиялык иш-чаралар жөнүндө айтып беришти. Андан кийин өлкөнүн бардык аймактарынын жаштарынын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү зарыл болгон маанилүү багыттарды белгилешти.

Тегерек үстөл аяктагандан кийин бардык катышуучулар храм боюнча кызыктуу квестке чакырылды, ал Улуу Ата мекендик Согушка жана ага катышкан, Брест шаарын бошоткон партизандар отряддарына кирген балдарга арналган. Оюндун жүрүшүндө анын катышуучулары өздөрүн ар кандай тапшырмаларды чечүүдө гана сынап көрбөстөн, биз карыздар болгон жана учурдагы ачык асман, тынч жашоо үчүн ыраазычылык билдире турган адамдар жөнүндө көбүрөөк биле алышты.

Жалпысынан бир күн ичинде өткөрүлгөн бардык иш-чаралар ар кайсы приходдук жаштар клубдарынын жаштарынын таанышуусуна жана биригүүсүнө жана Кыргызстан православ жаштар кыймылынын динамикалуу жана ийгиликтүү өнүгүүсүнө шарт түзө турган андан аркы биргелешкен иш-аракеттердин багытын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.