Сосновкада ар жылдык орус, руханий жана аскердик-патриоттук ырлар фестивалы өттү

  25 февраля 2020   На русском
В Сосновке состоялся ежегодный фестиваль русской, духовной и военно-патриотической песни

230-февралда Сосновка айылында ар жылдык орус, руханий жана аскердик-патриоттук ырлар фестивалы өттү. 
Ыйык улуу азап чегүүчү Димитрий Солунский храмында Кудайга сыйынуу литургиясы, Чиркөө хору бөлүмүнүн демилгеси боюнча, эки балдар хорунун катышуусу менен өттү: Сосновка айылындагы “Лучик” жекшембилик мектебинин клиросу жана Беловодский айылындагы Архистратиг Божий Михаил храмынын жекшембилик мектебинин клиросу. 
Храмдын башчысы жана фестивалдын уюштуруучусу протоиерей Александр Мезенцев балдарга литургияга катышканы үчүн ыраазычылык билдирди жана алардын мыкты даярданганын белгиледи. Жекшембилик мектептин залында өткөн фестивалга Петропавловка айылынын жана Полтавка айылынын элдик хорлору, «Соловушки» балдар ансамблынын жана Кара-Балта шаарындагы ДМЩ «Бусинки» балдар ансамблынын солисттери, бард Николай жана Надежда Омельченко катышты. Балдар клиростору дагы мыкты программаларын тартуулашты. Бул кереметтүү майрам көңүлдүү оюндар жана майрамдык дасторкон менен аяктады. Фестивалдын катышуучулары Александр атага жана храмдын бардык кызматкерлерине жылуу кабыл алганы, белектери жана меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык айтышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.