Епископ Даниил престолдук майрамда Балыкчыдагы Ыйык-Казанск аялдар монастырында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  26 февраля 2020   На русском
Епископ Даниил в престольный праздник совершил Божественную литургию в Свято-Казанском женском монастыре в Балыкчи

2020-жылдын 25-февралында, сүрбыштак жумалыгында, Кудай Эненин Иверск иконасын эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Балыкчыдагы Ыйык-Казанск аялдар монастырынынын аймагында Кудай Эненин Иверск иконасынын урматына храмда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иеромонах Феогност (Павлов), протоиерей Артемий Долотов, иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин Даниил келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Бүгүн биз «Иверская» Кудай Эненин иконасынын урматына майрамды эскерип жатабыз. Кудай Энени эскерүү менен, биз Анын өзгөчө мээримдүүлүгүн жана биз үчүн кылган өтүнүчүн эстейбиз. Кудай Эне дайыма биздин коргоочу болгон, Кудай Эненин Иверский кейиби – байыркы болуп саналат жана көп азапка кабылган. Бул сүрөттө, Кудай Эненин оң жак жаагында канталаган жараат бар. Бул тарыхый окуя, кайсы бир жоокер - икона менен күрөшүүчү  кылычы менен ыйык Ликти сайган жана жарааттан кан агып баштаган. Бул жышаан жоокерди коркутат жана ал тобо кылат. Ошентип, бул керемет бизди дагы тобо кылууга чакырат. Кудай Эненин Иверский иконасы– Дарбазачы, ал бизге Кудай Падышачылыгына жол ачат. Ылакап боюнча ,ким Кудай Энеге сыйынса, Ал Акыркы сотто өтүнүч билдире турганын билебиз. Анын сыйынуулары менен көп адамдар кечирилет жана ырайым алат. Ал өзүнүн сүйүүсү менен бизге Кудай Падышачылыгын ачат жана чын дилден тобо кылууга чакырат. Кээде биз тобо кылуу – бул болгону сыр төгүүдө күнөөсү жөнүндө сырын айтуу деп ойлойбуз. Бирок бул тобо кылуу, мээримдүүлүк, Кудайга болгон сүйүү менен коштолгон жашоо. Бул Жараткан бизге тартуулаган христиан жакшылык көрсөткүчү болуп саналат. Тобо кылуу – бул күнөө жөнүндө күйүт гана эмес, өзүнүн алсыздыгын түшүнүү жана Жаратканга үмүт артуу”.

Өз сөзүндө архипастырь Кудай Эненин өмүрү жөнүндө Ал төрөлгөндөн тартып Кудай Уулунун Кресттеги Өлүмүнө чейин, Анын жашоосу жана биздин жараткан Иисус Христтин Тирилиши боюнча кызматы жөнүндө айтып берди. Улуу урматтуу Ал өз сөзүн жерде адам жашоосунун жалгыз максаты Асман Падышачылыгына кирүүгө даярдык болуп саналаарын эскертти. Муну эч качан унутпай жана өзүңдү күнөөлөрдөн арылтууга жана тобо кылуу менен Ыйык Рухка жетишүүгө умтулуу керек.

Андан кийин башчы Даниил монастырга ыйык азап чегүүчү Варваранын иконкасын белекке берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.