2020-жылдын 1-мартында, сыропустное жумасында (сүт азыктарын жегенге боло турган жума), Адамдын куугунтукталышын эскерүү менен, Кечирилген жекшембиде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Преосвященный Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой.
Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил чиркөөгө келген адамдарга осуят сөзү менен кайрылды, анда Адамдын куугунтукталганын эскерген жекшемби күн тууралуу Евангелие окуусун түшүндүрүп берди.
“Биз ата-бабаларыбыз болгон Адам жана Еванын бузулушу жөнүндө айткан түшүнүккө келебиз. Мурун биз мытарь жана фарисей тууралуу, адашкан уул тууралуу, Акыркы сот тууралуу айттык, бирок бүгүн Чиркөө бизге ата-бабаларыбыздын бузулушуна көңүл бурууну сунуштайт. Адам менен Еванын күнөөгө батуусунун маңызы алардын кудайдай болуу ниетинде камтылган. Жылан аларды ушундай болуш үчүн чаккан. Ал Ева менен сүйлөшүп баштайт, ал эми Ева тыюу салынган мөмөнү тиштеп жеп, Адам менен сүйлөшүп баштайт – сүйлөшүүнүн мааниси мөмөнү жегенден кийин, алар Асман Атадай болуп калаарында турган. Алар өтө кооптуу ката кетиришет, бул катачылык алардын Жаратканды укпай койгонунда гана эмес, жасагандан кийин өкүнбөй жана жеке күнөөсүн башкага оодара баштаганында турган. Аларды буга кекирейгендик түрткөн. Алгач, адамдар эч качан боло албай тургандай болууну каалашат. Биз баарыбыз ушуга күнөөлүүбүз. Биз эч качан биздики болбогон жерге умтулабыз жана ошону жасагыбыз келет. Кекирейгендиктин табияты дал ушунда турат. Ал адамды ичинен жейт, ал эми сыртынан биздин жоруктар Кудайга каршы жана жакпагандай кылат. Биз Кудай боло албайбыз. Бирок святитель Ириней Лионский деп айткан “Адам кудай болушу үчүн, Кудай адам болду”. Күнөөгө батуунун же святителдин сөзүнүн мааниси эмнеде турат? Куткаруучу биздин кейипти жана Кудайга окшоштукту калыбына келтирүү үчүн, бул ааламга келгендигинде турат. Адам тынымсыз өркүндөйт жана Христтин “сиздердин Атаңыздар мыкты болгондой, сиздер дагы мыкты болуңуздар” деген сөзү бул чындыкты тастыктайт. Биздин Куткаруучу аркылуу, Анын Денеси жана Каны аркылуу, бардык Сырлар аркылуу, тобо кылуу аркылуу биз өзүбүздү тынымсыз бекемдөө жана биздин кекирейгендик менен күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Адамда кекирейгендик сиңип калган. Кекирейбейм деп айткан адам жалган айтат. Кээде кекирейгендик абсурдга чейин оркоюп турат, ал эми кээде момундуктун жана ыйыктыктын кейибинде тынч болот. Бирок анык момундук эмес, болгону анын көрүнүшү. Ыйыктарды карачы. Алар, чындап эле ыйык болуу менен, күнөөнү гана моюнга алып, изги иш жасап жатканын дагы ойлонгон эмес, бирок чынында изгилик ишти жасашкан. Адамды бекемдөө эмнеден башталат? “Кудай, күнөөлүү мени тазала” сөзүнөн башталат. Эгерде бизде тобо кылуу, өзүнүн күнөөсүн жана алсыздыгын түшүнүнө билүү жашаса, биздин ата-бабаларыбыздын күнөөгө батуусу Кудайдын күчү менен кыйратылат. Биздин бул жума – Улуу посттун биринчи жумасы дал ушуга үйрөтөт. Биз эмне менен күрөшүү керектигин эстешибиз керек. Ал эми бул үчүн каражаттарды Жараткан толтура берген.
Кымбаттууларым менин, Улуу Посттун ыйык күндөрү башталганы турат. Буга өзгөчө кастарлоо жана ардактоо менен мамиле кылалы. Өз жан дүйнөбүз жөнүндө, өз жашообуз жөнүндө жана жоруктарыбыз жөнүндө эстейли жана тобо кылалы. Формалдуу тобо кылуу эмес, чын жүрөктөн, ойлонуп, момундук менен тобо кылалы. Биз сыр төгүүдө Ага кайрылганда, биз канча жолу күнөө кылбайлы жана канча жолу Андан кечирүү жөнүндө өтүнбөйлү, Жараткан биздин ар бир күнөөбүздү кечирет. Ар бирибиз ушул пост убагында улуу руханий көтөрүлүүнү сезели. Кылган күнөөлөрүбүз тууралуу ички капалыкты сезели. Биз ар бирибизде жашаган Адамдын күнөөсү Чокунуу Сырында кечирилгенин эстен чыгарбашыбыз керек. Эми калган өмүрдө биз өзүбүздүн жеке күнөөбүз менен, бизге берилген жамандыктын түйүлдүгү жана уругу менен күрөшүүбүз керек. Улуу пост убагында биз аман калуу ишибизде жакшы жемишке жетишебиз деп үмүттөнөм. Аминь».