Улуу Посттун башталышы алдында акыркы жекшембиде жасалган Кудайга сыйынуу литургиясынан кийин, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун собордук аянтчасында салттуу масленица оюн-тамашасы өттү.
Быйылкы жылы чиркөөгө келген адамдар үчүн майрамды үч епархия бөлүмү – социалдык, жаштар жана билим берүү бөлүмдөрү даярдашты.
Собордун аймагында тамак-аш жана куймак коюп дасторкон жайылды. Элдик музыка жаңырды, балдар жана чоңдор тегерек турук бийлешти, оюндарга, сынактарга жана чыгармачылык-көңүл ачуу секцияларына катышты.
Хороводду, оюндарды, бийлерди, ырларды, эстафеталарды жаштар жана билим берүү бөлүмдөрү уюштурушкан. Ал эми кайрымдуулук жарманкеси он үстөлгө чейин созулду! Үйдө даярдалган даамдуу тамак-аш, жылуу, “колдон чыккан” сувенирлер жана албетте, социалдык бөлүмдүн кызматкерлери өздөрү даярдаган бир нече себет жыпар жыттуу, укмуштуудай самындар коюлду. Жарманкеде түшкөн бардык каражаттар епархиянын социалдык бөлүмүнүн камкордугунда турган бардык адамдарга жардам көрсөтүүгө жөнөтүлдү.
Бул кереметтүү күн кечки кызмат менен аяктады, анда Кечирүү Чини аткарылды – дин кызматкерлери жана чиркөөгө келген адамдар Улуу посттун алдында бири биринен кечирим сурашты.