Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда мурда касиет киргизилген тартуулар литургиясын аткарды жана коливого керемет киргизди

  06 марта 2020   На русском
Епископ Даниил совершил Литургию преждеосвященных даров и освятил коливо в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2020-жылдын 6-мартында, Улуу посттун 1-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда мурда касиет киргизилген тартуулар литургиясын аткарды жана коливого касиет киргизди.

Преосвященный Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиев), протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев, иерей Владимир Кусаинов.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил коливого касиет киргизди.

Маалымдама: Улуу Посттун биринчи жумасынын жума күнү кечки сыйынуудан жана Мурда касиет киргизилген тартуулар литургиясынан кийин храмдарда ыйык улуу азап чегүүчү Феодор Тиронго арналган молебендик канон аткарылат жана анын урматына коливо – бал менен бышырылган күрүчкө ыраазычылык берилет. Бул майрам төмөндөгүдөн улам белгиленип келет.

362-жылы грек императору Юлиан Отступник христиандарды мазактоо менен Антиохиянын базарларында сатылган бардык жей турган азыктарга бутка курмандык кылынган канды жашыруун себип чыгууну буйрук кылат. Отступник мындай жол менен Улуу Посттун биринчи жумасында катуу орозо туткан динге ишенген адамдарды христиан дининен булгоону каалаган. Бирок 306-жылы Христтин ишенимин жайылтканы үчүн өрттөлгөн, улуу азап чегүүчү Феодор епископ Евдоксийдин түшүнө кирет, Юлиандын бул буйругу жөнүндө айтып берет жана булганган тамактын ордуна бир жума бою коливо жегиле деп кеңеш кылат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.