Епархияда «Руханият жана элдик салттар» тегерек столу өттү

  15 августа 2022   На русском
В епархии прошел круглый стол «Духовность и народные традиции»

2022-жылдын 14-августунда, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун руханий-агартуу борборунун конференц-залында протоиерей Андрей Кунавиндин жетекчилиги астында билим берүү жана катехизация бөлүмү тарабынан уюштурулган «Руханият жана элдик салттар» тегерек столу өттү.

Иш-чараны Улуу урматтуу епископ Савватий ачты. Андан ары чакырылган баяндамачылар сөз сүйлөштү.

КУУ орус жана чет өлкөлүк адабияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын улук окутуучусу Л.Э. Яковлев «XIX кылымдагы жазуучулардын мисалында руханият жана элдик маданият» темасында өзүнүн эмгегин тааныштырды.

Курактык психолог, «Радонеж» мектеп-комплекс мекемеси» КБ завучу Макарова Марина Алексеевна өз баяндамасында православ маданияты жана Кант шаарындагы Покров Пресвятой Богородицы храмынын алдындагы «Радонеж» бала бакчасына барган балдар менен иштөөнүн мисалында мектепке чейинки курактагы балада инсанды өнүктүрүүдөгү анын ролу жөнүндө айтып берди.

КРСУ тарых жана маданият таануу кафедрасынын доценти Носова Елена Владимировна «Былины» баяндамасы менен сөз сүйлөдү.

«Клубника Арт» ЖЧК башкы директору Роман Чумак «Православие жана ислам. Булактар» темасында баяндама жасады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.