«Кубангыла, тынымсыз сыйынгыла, баарына ыраазылык билдиргиле». Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда архиерейлик сыйынуу

  22 августа 2022   На русском
«Радуйтесь, непрестанно молитесь, за все благодарите». Архиерейское богослужение в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2022-жылдын 21-августунда, ыйыктар Зосима, Савватий жана Герман, Соловецкийди эскерүү күнү, Жараткандын Кубулуу майрамында, епископ Савватий Ыйык-Воскресенск соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Литургия аяктаганда ыйыктар Зосима, Савватий жана Герман, Соловецкийге арнап молебен өткөрүлдү. Андан кийин Улуу урматтуу чиркөөгө келгендерге насаат сөзү менен кайрылды.

Өз кайрылуусунда башчы кадырлуу олуялардын өмүр баянын айтып, рухий жетекчини угуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. «Руханий башчынын иши жаңыдан келген адамга өз эркин аткарууга жана анын каалоосу боюнча жашоого жол бербөөдө турат. Адам каалоолорго ээ болот, каалоолор адамга ээлик кылгандай болушу керек. Ошондуктан адам күрөшкөндө ал эмгекти, аргасыз кылууну, жана жеңишти сүйө баштайт. Ал Христтин жактоочусу жана жоокери болуп калат».

Башчы ыйык адамдарды өз оозу менен гана эмес, үлгүлүү иштери менен да мактоо керектигин белгиледи. «Герман, Зосима жана Савватий Соловецкийди эскерүү менен, Жараткандын кубулуусун эскерүү менен, биз дагы бийик көтөрүлүп, биз ээ болгон ыңгайлуу, жайлуу абалды жек көрүшүбүз керек. Тагдырга наалыба, жамандык жасагандарды айыптаба. Устатың же жетекчиң алсыз болсо, ага сыйынуу менен жардам бер. Адамды кара, бирок Кудайды ук. Жараткан өз шакирттерин Фавор тоосуна чакырып, өзүбүз үчүн гана эмес, жалпы бири бирибиз үчүн сыйынууга үйрөтүү үчүн муну жасаган. Христин үлгүсү бизге көп сыйынууну айтат, анткени бул рухий жашоо. Мына дал ушул сыйынуу бизди байытып турат».

Башчы биздин башкы эмгек ичибизде жасала турганын белгиледи. Осуятта ички күрөштүн жана жактоочунун жолунда боло турган азгырыктар, ошондой эле ыйыктардын жашоо мисалында аларды кантип жеңүү керектиги; эмгектин пайдасы жөнүндө, жердеги жана асмандагы сыйлыктар жөнүндө айтылды.

Насаат видеосу:




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.