Эгемендүүлүк күнү менен! Епископ Савватий Президентти жана Кыргызстандын элин куттуктады

  31 августа 2022   На русском
С Днем Независимости! Епископ Савватий поздравил Президента и народ Кыргызстана

Улуу урматтуу,

ЖАПАРОВ Садыр Нургожоевич мырзага,

Кыргыз Республикасынын Президентине

 

Улуу урматтуу,

кымбаттуу Садыр Нургожоевич!

    Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик жана жалпы улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

    Кыргызстандын өзгөчө ролу бар. Өлкө Борбор Азиянын так борборунда жайгашкан. Байыркы мезгилдерден бери «Асман тиреген тоолор» деп которулган Тянь-Шань тоолору – бул цивилизациялар жолугушкан жана өз ара аракеттенген жер, Чыгыш менен Батыштын, Түндүк менен Түштүктүн башчылары бизде жер гана эмес, асман дагы бар экенин, ал жалпы экенин белгилешкен!

Тоо чокулары тарыхтын жетишкендиктерин жана «тоолор библиясынын» – «Манас» эпосунун осуяттарына ылайык ишке ашырылууга тийиш болгон максаттарды символдоштурат. Азыр күнөө адамдын жан дүйнөсүн гана эмес, «цивилизациялуу» дүйнө деп аталган мамлекеттердин мыйзамдарына дагы сүңгүп кирип жатат. Боордош элдердин күч-аракеттерин бириктирүү менен гана таңууланган ар-намысты жоготуудан мамлекетти коргоого болот. Чокулардын ичинен эң бийиги - Жеңиш чокусу, бул элибиз биригүү менен дүйнөлүк Улуу Ата Мекендик согушта Жеңишке жеткенин далилдеп турат.

Кыргызстан Евразиянын улуу элдеринин өз ара аракеттенүү аянтчасы болууга татыктуу. Кудай Кыргызстанды бир кездеги Жибек жана Чай Жолу сыяктуу жакшы коңшулаш элдердин экономикалык, руханий-маданий байлыктарынын кесилишинде жайгаштырган.

Борбор Азиядагы, ошондой эле «Жибек жолундагы» тогуз жолдун томундагы республиканын баалуулуктары Манастын «Биримдик, теңдик жана ар-намыс» жөнүндөгү осуятында, Манас, Семетей жана Сейтек сыяктуу мейманга жана уруулашына сый-урмат менен мамиле кылган, жалпы жыргалчылык үчүн башкаларды курмандык кылбай, өзүн курмандык кылган иш-аракетте байкалган.

Өз ара сыйлашууну тарбиялоо бул мамлекеттин гана эмес, коомдун бардык күчтөрүнүн, диний уюмдардын, ар бир үй-бүлөнүн милдети. Христиан чиркөөсү Борбордук Азиянын аймагында Мерв епархиясы түзүлгөн бешинчи кылымдан бери ушул максаттарда жана ушул жерлерде мамлекет менен кызматташуу тажрыйбасына ээ. Ар бир Кудайга сыйынуу литургиясында биз кудай колдогон Кыргызстан, бийликтегилер жана өлкө эли үчүн сыйынабыз. Башка диний конфессиялар сыяктуу эле биз Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн социалдык маанилүү кызматты аткарып келебиз.

     Ушул салтанаттуу жана майрам күнү чын жүрөгүмдөн Сизге, Улуу Урматтуу Садыр Нургожоевич, жана жалпы Кыргызстан элине чың ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык, жыргалчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм!

Терең урматтоо менен,

Савватий, Бишкек жана Кыргызстан епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.