"Жашоо аянычтуу болбогон нерсе үчүн жашаш керек". Ыйык-Воскресенск кафедралык соборундагы архиерейлик сыйынуу.

  10 сентября 2022   На русском
"Жить нужно для того, на что не жалко жизни". Архиерейское богослужение в Свято-Воскресенском кафедральном  соборе.

2022-жылдын 10-сентябрында, Иоанн Предтечи жана Чокундуруучуну эскерүү улуу майрамынын урматына Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда епископ Савватий кечки сыйынууну аткарды.
Улуу кечте чиркөө Уставы боюнча нанды, шарапты, буудайды жана елейди кереметтөө менен литий аткарылды.

Таңкы сыйынууда, Евангелие окулгандан кийин, башчы динге ишенгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды.
Өз кайрылуусунда ал Христ менен түбөлүк жашоого кирүү үчүн биз сакташыбыз керек болгон анык баалуулуктар тууралуу эскертти. Архипастырь Иоанн Чокундуруучуну эскерген майрам жөнүндө, такыба адамдын өлүмүнүн каргашалуу жагдайлары жөнүндө айтып берди.
Улуу урматтуу
көпчүлүк замандаштарыбыз билимдүү жана курчап турган жашоодогу көптөгөн окуяларды түшүнгөнүнө карабастан, майрамдын маанисин түшүнүшпөстүгүн мисал келтирди. Анткени адам Кудайдын Рухунан келген нерсени кабыл албайт (1Кор. 2; 14). Азыркы христиан адам ага Асман Падышачылыгын кааласа, ачууланбайбы? Бирок дал ушул Падышалыкка жетүү - бул христиан адамдын жашоосунун максаты болуп саналат эмеспи. Иоанн Чокундуруучу дал ушул үчүн өз өмүрүн берген. Биз дагы Кудай менен биригүүгө умтулушубуз керек, анткени дал ушул үчүн Кудай адам болгон. Башчы бул тууралуу православ христиандары гана эмес, башкалар дагы ой жүгүртүшө турганын тастыктады. Кудайга карай жол татаал, азгырыктар жана жиндердин чабуулу көп. Бирок Ыйык Пайгамбар Иоанн азаптан корккон эмес, ал Христ үчүн, Кудайдын чындыгы үчүн азап чегүүнү каалаган. Биз дагы кыйынчылыктан коркпошубуз керек. Кудайдын жардамы менен бардык жамандыкты жана кыйынчылыкты жеңүүгө болот. «Кечки салтанаттуу сыйынууда Жараткан бизге өз жашообузга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга акыл берсин. Бизде жана жакындарыбызда …эгерде бул пайдалуу жана сактап калуучу болсо ден соолук, жыргалчылык жана зарыл нан болсун».

Видео:









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.