Бишкекке архипастырлык сапары менен Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий келди. Ыйык-Воскресенск соборундагы кечки сыйынуу

  13 сентября 2022   На русском
В Бишкек с архипастырским визитом прибыл митрополит Ташкентский и Узбекистанский Викентий. Всенощное бдение в Свято-Воскресенском соборе

2022-жылдын 12-сентябрында кечинде, Бишкек епархиясына архипастырлык сапары менен Ортоазиялык митрополит окуругунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий келди.

Митрополит Викентий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда кечки сыйынууну жетектеди. Салтанаттуу сыйынуу Ысык-Көлдүк Ираклийдин эстелигинин табылгандыгынын 18 жылдыгына арналган. Улуу урматтуу менен бирге епископ Савватий кызмат өтөдү.

Кечки сыйынуу аяктаганда митрополит Викентий сыйынуучуларга архипастырлык сөзү менен кайрылды. Башчы баардыгын майрамы менен куттуктап, Ираклий – 20-кылымда жашаган биздин замандашыбыз экенин белгиледи. Ал көп азап чеккен, куугунтукка кабылган, коркунучтарды баштан өткөргөн. Бирок куткаруучуга болгон ишенимин саткан эмес. Ал кыйноолорго чыдап, биз үчүн Кудайга болгон чексиз ыраазычылыкка үлгү болгон.

«Бул момун жактоочу, Христостун талаасында момун эмгекчи, Асман Падышачылыгы үчүн крестти көтөрүп жүргөн. Биз үчүн ал сабырдуулуктун жана христиандык үмүттүн үлгүсү», - деп белгиледи архипастырь.

Башчы чогулгандарга Ыйык Москва жана бүтүндөй Орус Патриархы Кириллдин ыраазычылыгын айтты.

Быйылкы жыл – маараке жылы. Ташкент жана Түркестан епархиясынын түзүлгөндүгүнүн 150 жылдыгын белгилейбиз. Биз биринчи Түркестан архиерейи – епископ Софонийдин (Сокальскийдин) дайындалышын эскерип жатабыз. Дал ушул иерарх биздин ортоазиялык епархиябыздын жашоосунун бекем негизин – эч кандай чыр-чатактар жана диндер ортосунда жаңдалдар болбошу үчүн мусулмандар менен жакшы коңшулукту, ак ниеттүү жана кең пейил мамилени түптөгөн.

«Бул биз үчүн маанилүү, - деп айтты митрополит Викентий, - Кудай буюрса, биз башчы Софоний түптөгөн салттарды сактайбыз жана өркүндөтөбүз».

Андан кийин епископ Савватий сөз алып, митрополит Викентийге Ираклийди эскерүү салтанатына келгени үчүн, Ортоазиянын митрополит округундагы динге ишенген адамдарга болгон анын сыйынуусу үчүн, тынчтыкты үгүттөгөндүгү, Христке жана Анын Чиркөөлөрүнө жан аябай кызмат кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ташкент епархиясынын 150 жылдыгынын урматына Ортоазиялык митрополит окуругунун башчысы дин кызматкерлерин мааракелик медалдар менен сыйлады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.