Казакстандын жаңы азап чегүүчүлөр жана исподевниктер соборун эскерүү күнүндө митрополит Александр Астанадагы Успенск кафедралык соборунда литургия өткөрдү

  19 сентября 2022   На русском
В день памяти собора новомучеников и исповедников Казахстанских митрополит Александр совершил Литургию в Успенском кафедральном соборе Астаны

2022-жылдын 18-сентябрында – Элүүлүктүн 14-жумасы, Казакстан жеринде азап чегүүчүлөрдү жана исповедниктерди эскерүү күнү.

Казакстандын ыйык азап чегүүчүлөрү жана исповедниктери ыйык азап чегүүчү Пименди, Верный жана Семиреченск епискобун эскерүү күнүнөн кийинки биринчи жекшембиде сыйынуу менен эскерилет (жаңы стиль боюнча 16-сентябрь).

Кудайга сыйынууну баштоодон мурда храмга такыба Сергий Радонежскийдин калдыгы бар кеме алынып келинди. Дин кызматкери Ыйык Москва жана бүтүндөй Орус Патриархы Кириллдин ыраазычылыгы менен Россия жеринин Игумен калдыктарын алуунун 600 жылдыгын майрамдоонун алкагында Казакстан Митрополиттик округунун чегинде жүрөт.

Астана жана Казакстан Митрополити Александр өлкөнүн башкы храмы – Республиканын борбор калаасындагы Успенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жетектеди.

Казакстан Православ Чиркөөсүнүн башчысы менен бирге кызмат кылышты: Барнаул жана Алтай митрополити Сергий, архиепископ Антоний (Москаленко), Павлодар жана Экибастуз архиепискобу Варнава, Караганда жана Шахтинск архиепискобу Севастиан, Усть-Каменогорск жана Семипалатинск архиепискобу Амфилохий, Кокшетау жана Акмола архиепискобу Серапион, Петропавловск жана Булаев архиепискобу Владимир, Казакстан Митрополиттик окуругунун иштерин башкаруучу Каскелен епискобу Геннадий, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий, Славгород жана Каменск епискобу Антоний, Переяславск жана Углич епискобу Феоктист, Актобе жана Кызылордо епискобу Игнатий, Астана епархиясынын викарийи Талдыкорган епискобу Клавдиан; Алма-Ата храмдарынын благочинныйы, Никольск соборунун башчысы протоиерей Валерий Захаров, «Всех скорбящих Радость» Кудай Эне иконасынын урматына алма-ата храмынын башчысы протоиерей Евгений Воробьев, Астана шаардык чиркөө округунун благочинныйы архимандрит Сергий (Карамышев), Уральск шаарынын приходдорунун благочинныйы, Урал епархиясынын башкаруучунун катчысы архимандрит Дионисий (Козулев), Астананын Успенск кафедралык соборунун ключары протоиерей Дмитрий Байдек, Константин-Еленинск соборунун ключары протоиерей Сергий Калиев, Костанай епархиясынын катчысы иеромонах Геннадий (Бурдюжа), Астана шаарындагы ыйык Серафим Саровский храмынын клириги иеромонах Силуан (Синегубов), митрополиттин жеке катчылыгынын жетекчиси иеромонах Прохор (Ендовицкий), Митрополиттик округдун Башчысынын административдик катчылыгынын жетекчиси иерей Георгий Сидоров; Астана шаардык чиркөө округунун храмдарынын клириктери, дин кызматкерлери, мейман катары келген архипастырлар, дин кызматкерлери – Казакстанга ыйык Сергий Радонежскийдин калдыгын алып келүүгө катышуучулар.

Казакстан Республикасындагы Россия Федерациясынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А.Н. Бородавкин, Казакстан Республикасындагы Беларусь Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси П.В. Утюпин, дипмиссиянын кызматкерлери жана этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү майрамдын меймандары болушту.

Майрамды урматтап жана православие дининин улуу ыйыктарына таазим кылуу үчүн көптөгөн динге ишенген адамдар чогулушту.

Москва жана бүткүл Орус Патриархы Кириллдин ыраазычылыгы менен Орус Православ чиркөөсүнүн бардык храмдарында өтүп жаткан тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн сыйынуу болду.

Сыйынуудан кийинки ырдоодо иерей Григорий Куликов Астана жана Казакстан митрополити Александрдын ыйык Сергий Радонежскийдин калдыктары Казакстан Республикасына алынып келингендигине байланыштуу кайрылуусун окуп берди.

Литургия аяктагандан кийин дин кызматкерлери, хор жана динге ишенгендер орус жеринин Игуменин анын калдыктары бар кеменин алдында Казакстандын жаңы азап чегүүчүлөрү жана исповедниктери менен даңкташты.

Митрополит Александр иерархтарга, дин кызматкерлерине жана майрамдык салтанаттын бардык катышуучуларына жалпы сыйынуусу үчүн ыраазычылык билдирди, чогулгандарды Казакстандын жаңы азап чегүүчүлөрүн жана исповедниктерин эскерүү күнү жана Республиканын борборуна Православ Чиркөөсүнүн улуу ыйык таберигинин алынып келингени менен куттуктады жана сыйынгандарга насыят сөзү менен кайрылды.

Андан ары Казакстан митрополиттик округунун башчысы, архипастырлар жана дин кызматкерлери сыйынуу жүрүшүнүн башында ыйык Сергий Радонежскийдин эстелигине барышты. Митрополит Александр Орус жеринин игуменинин эстелигинин алдында сыйынуу аземин өткөрдү, андан кийин гүл коюу аземи болду – ага архипастылар, Россия Федерациясынын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А.Н. Бородавкин, Беларусь Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси П.В. Утюпин, дипмиссиянын кызматкерлери жана этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Успенск кафедралык соборунда сыйынуу аяктагандан кийин динге ишенгендердин ыйык таберикке таазим этүүсү уланды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости