2022-жылдын 27-сентябрында, епископ Савватий Бишкекте ачылган КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн орус тилдүү коомчулугунун мекендештеринин Аймактык форумунун ачылышына катышты.
Иш-чаранын алкагында «Евразиялык мейкиндиктеги аялдардын кыймылы», «Европа жана Азиядагы мекендештер: жалпы материк– жалпы милдеттер» деген темалар боюнча пленардык талкуулар, «Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө орус элинин баалуулуктар системасы» аттуу атайын сессия, ошондой эле мекендештердин маданий-гуманитардык долбоорлорунун бет ачары каралган. Форумга 27 өлкөдөн келген мекендештер, ошондой эле россиялык мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышты.