2022-жылдын 9-октябрында епископ Савватий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда полиелей кызматын аткарды.
Сыйынуунун аягында динге ишенгендерге насыят-үлгү сөзү менен иерей Георгий Дворовой кайрылды. Дин кызматкери бизге тартууланган байлык – сыйынууга көңүл бурду.
«Сыйынуу убактысы – бул Куткаруучу ар бир адамга Жаратканга ишенүүгө үйрөнүү үчүн, биз эң башкыны издешибиз үчүн жол берген баалуу убакыт, буга Жараткан дагы чакырат: «Алгач Асман Падышачылыгын издегиле, калган бардык нерсе болот». Жаратканга кызмат кылуу менен, биз акыры эмнеге ээ болоорун билгенде бир дагы адам баш тартпай турган байлыкты табабыз».
Насыят-үлгүнүн видеосу даярдалууда