Кыргыз Республикасында жайгашкан Бириктирилген россиялык аскердик базанын аскер кызматкерлери оор абалда турган көп балалуу үй-бүлөгө гуманитардык жардам беришти.
Бул үй-бүлө жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Аскер кызматкерлери гарнизондун Александр Невский храмынын настоятели Александр ата менен бирге каражат чогултушту. Алар муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк, биринчи зарылчылыктагы товарларды беришти. Мындан тышкары балдарга мектепке керектүү буюмдар, өнүктүрүүчү оюнчуктар алынып келинди. Үй-бүлө башчысы болгон, балдардын апасы жардам жана колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Бириктирилген россиялык аскердик базанын аскер кызматкерлери оор абалдагы жарандарга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп келет, мындай жардам көп балалуу үй-бүлөлөргө гана эмес, социалдык мекемелерге дагы көрсөтүлүп келет.
https://structure.mil.ru/structure/okruga/centre/news/more.htm?id=12441562@egNews