Сыйынууну үйрөнбөгөн адам Чиркөөдө тура албайт. Ыйык-Воскресенск кафедралык соборундагы салтанаттуу сыйынуу (Всенощное бдение)

  23 октября 2022   На русском
Человек, неприученный к молитве, находит для себя невозможным стоять в Церкви. Всенощное бдение в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2022-жылдын 22-октябрында епископ Савватий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Всенощное бдение аткарды. Сыйынууну аяктап, Улуу урматтуу чиркөөгө келгендерге насаат сөз менен кайрылды.
Жекшемби күндү Түбөлүк үчүн өткөрбөсөк, анда бул күндү бекер өткөргөн болобуз. Биз азыр Түбөлүк жашоонун кубанычын кабыл алышыбыз керек. Эгерде биз Чиркөөдө болуп, сыйынуу оор экенине тынчсызданып жатсак, анда биз муну жумуш, ооруну жеңүү катары кабыл алышыбыз керек. Оору – бул Кудай тарабынан берилген касиет, аны менен күрөшүү керек болгон көйгөй тууралуу эскертет. Муну бардык эле адамдар рухий жактан биле бербейт. Бирок бул биздин кайсы бир органыбыздын ооруганын билип, оорунун себебин жоюуга аракет кылбай, сайраңдап жүрө бергенибизге окшош. Руханий жактан алганда, бул – көңүлсүздүк, көңүл коштук жана жалкоолук. Биз бул ооруну түшүнүү менен жанданышыбыз керек. Сыйынууну үйрөнбөгөн адам Чиркөөдө тура албай калат. Тескерисинче, күн сайын рухий жашоо менен байланышта болгон адам сыйынып кубанычтуу абалда болуп, узак кудайга кызмат кылууну бир дем менен кабыл алат.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.