Бишкекте конфессиялар аралык марафон өттү. Епископ Савватий иш-чарага катышты

  25 октября 2022   На русском
В Бишкеке прошел межконфессиональный марафон. Епископ Савватий посетил мероприятие

2022-жылдын 25-октябрында Ч. Түлөбердиев атындагы паркта «Күч бирдикте» конфессиялар аралык марафону өттү. Спорттук иш-чара КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан уюштурулган жана конфессиялар аралык ынтымакты, ар кандай диний ишенимдерге сый-урмат принциптерин бекемдөө, Кыргызстанды мекендеген элдер ортосунда достукту бекемдөө жана сергек жашоо образын илгерилетүү максатында өткөрүлдү. Ошондой эле Комиссиянын алдында иштеген конфессиялар аралык кеңештин ишин өнүктүрүү үчүн уюштурулган.

Марафонго Ислам, Орус Православ Чиркөөсүнүн, Католик Чиркөөсүнүн жана Евангелие Чиркөөлөрүнүн бирлигинин өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 12ден 75 жашка чейинки курактагы 60 адам катышты.

Куттуктоо сөзүн сүйлөгөн уюштуруучулардын жана меймандардын арасында – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ЕККУ өкүлдөрү, Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Замир ажы Ракиев, Орус Православ, Католик жана Евангелие Чиркөөлөрүнүн ассоциациясынын өкүлдөрү болду.

Жарыштын катышуучуларына болгон өз кайрылуусунда епископ Савватий Кыргызстанды мекендеген, анын жаратылышынан тамактанып, абасынан дем алган бардык элдер өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кам көрүп, улуттар аралык достукту чыңдап, коңшусуна кызмат кылууга жана жардам берүүгө аракет кылышы керектигин белгиледи. Владыка биздин эркиндигибиз башка адамдын эркиндиги башталган жерде бүтө турганын, андыктан коомдун мүчөлөрү кандай гана жамаатта болбосун биргелешип аракеттенип, чогуу иштеши керектигин баса белгиледи. Улуу урматтуу СССР убагында жайылтылган коомдун биримдиги жана ынтымагы, улуттар аралык боордоштук биздин элдин Улуу ата мекендик согушта жеңишке жетүүсүнө жардам бергенин белгиледи.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.