Кыргызстанда жайгашкан Россиянын бириктирилген аскердик базасында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин балдары “Штурмовиктин канаты астында” спорттук эстафетасына катышты. Мелдешке республиканын аймагында жайгашкан жекшембилик мектептеринин тарбиялануучулары, ошондой эле казактар классынын кадеттары катышты. Иш-чара Александр Невский гарнизондук храмынын настоятели, иерей Александр Аношкин тарабынан уюштурулган.
Мелдешти өткөрүүнүн жүрүшүндө балдар тоскоолдуктар тилкесин басып өтүштү, мында өздөрүнүн күчүн, шамдагайлыгын жана чыдамкайлыгын көрсөтүштү. Катышуучулар чуркоодон баштап турникте тартылууга чейин 10дон ашык ар кандай көнүгүүлөрдү аткарышты.
Иш-чаранын аягында мектеп окуучуларына эстелик белектер тапшырылды, андан кийин храмда экскурсия өткөрүлдү. Ошондой эле балдарга аскердик түзүмдөрдүн жана түрлөрүнүн желектеринин пайда болуу тарыхын, диний мекемелер жана прихожандар үчүн алардын мааниси тууралуу айтып беришти.