19-ноябрда «Светоч» провославдык чиркөө-приходдук мектебинин чоң залында Престолдук салтанаттын - Архаистратиг Божий Михаил Соборунун жана башка Асман Күчтөрүнүн урматына салтанаттын алдында майрамдык концерт берилди. Элдик бийлер көрсөтүлүп, Архангел Михаилге жана Асман күчтөрүнө арналган ыр саптары окулду. Мектептин балдар хору ыр ырдап, көрүүчүлөргө, конокторго жана бардык чиркөөлөргө майрамдык маанай тартуулады. Жылуу куттуктоо сөздөрү менен Ош шаарындагы Архистратиг Божий Михаил храмынын настоятели, «Светоч» провославдык чиркөө-приходдук мектебинин директору, протоиерей Виктор Реймген сөз сүйлөп, баарына периштедей тазалыкты жана коргоочу периштелердин ар дайым колдоп жүрүшүн каалады.
Диакон Дионисий Зорин