Бишкек епархиясында X Эл аралык билим берүүчү Ыйык Антоний окууларынын алкагында социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмүнүн секциясынын иши болуп өттү

  24 ноября 2022   На русском
В Бишкекской епархии состоялась работа секции отдела социального служения и благотворительности в рамках X Международных образовательных Свято-Антониевских чтений

2022-жылдын 24-ноябрында Бишкек епархиясынын архиерей резиденциясында социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмүнүн «Жакынына жардам берүү – азыркы замандын глобалдык чакырыктарынын алдында руханий тандоо» аттуу секциясынын иши болуп өттү. Бул иш-чара ыйык архиепископ Антонийдин (Абашидзе) жаркын элесине арналган X Эл аралык билим берүү окууларынын алкагында өткөрүлө турган кийинки коомдук форумдардын кезектеги иш-чараларын ачты. Окуулар XXXI Эл аралык Рождество окууларынын аймактык этабы катары өткөрүлүп жатат.

Секциянын иши епархиялык архиерей владыка Савватийдин видео кайрылуусу менен башталды, ал катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылып, владыка бардыгын секциянын башталышы менен куттуктады. Өз кайрылуусунда Улуу Урматтуу глобалдашуу белгилүү бир артыкчылыктар менен катар олуттуу көйгөйлөрдү жарата турганына токтолду. «Глобалдашуунун эң негизги көйгөйү адамдар эч кандай кыйынчылыксыз эле кубанычка, көңүл ачууга жана ырахат алууга көнүп калгандыктан, адам тууган-туушкандары менен учурашуу жана муктаж болгондорго кам көрүү үчүн жөнөкөй баарлашууга муктаж болбой калышканында турат. Зериккен адам интернетте убактысын өткөрөт жана жакынына болгон сүйүү жана жакындыктын ордуна көз карандылык пайда болуп, барган сайын эгоизм күчөп жана чыныгы мамилелерден четтөө менен коштолот. Азыркы адамдар барган сайын өз пикирин билдирүүгө, өз эрктүүлүккө, өзүн аягандыкка, өзүн актоого муктаждыкты сезип жатышат. Бул дагы кумардын – соргоктуктун, бузукулуктун, акчаны жакшы көрүүнүн, ачуулануунун, текеберликтин жана кайгыруунун башаты болуп саналат, бул адамды бактысыз кылат».

Жыйында видео кайрылуу менен Татарстан Республикасынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү И. В. Волынец жана «Радость» автономдуу коммерциялык эмес уюмдун директору (Омск ш.) И.И. Афанасьев сөз сүйлөштү.

Түркестан епархиясындагы социалдык кызматтын тарыхы жана азыркы учурдагы анын мааниси жөнүндө баяндама менен епархиянын катчысы иерей Александр Пелин сөз сүйлөдү.

Ташкент епархиясындагы социалдык кызматтын тажрыйбасы менен ТДС окутуучусу, протоиерей Сергий Стаценко бөлүштү.

Епархия бөлүмүнүн социалдык кызматы улутунан жана конфессиялык таандыктыгынан көз карандысыз өтө муктаж болгондорго жардам көрсөтүүгө багытталган. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер жардам алгандар менен аны берип жаткандарды бириктирет, эгерде буга туура мамиле кылынса, максималдуу таасири менен тараптардын өз ара аракеттенүүсү үчүн күчтүү курал болуп саналат. «Бизден жардам сураган адам – колунда эч нерсеси жок адам. Ага кантип жардам берүү керек» практикумунда бөлүм башчысы Елена Иванова жардам сураган адамдын көйгөйүн кантип жакшы түшүнүү керектигин жана даректүү жардам көрсөтүүнүн маршрутун түзүү жөнүндө айтып берди. Өз сөзүндө Е.Ю. Иванова Синод бөлүмүнүн тажрыйбасына жана епархиялык кайрымдуулук кызматынын уникалдуу он жылдык практикасына таянды.

Ошондой эле секциянын практикалык блогунда «Жардам үчүн акча жана башка ресурстарды кантип чогултуу керек» деген темада баяндама жасалды. Жетекчинин жардамчысы Надежда Хохлова катышуучулар менен аймакта иштеп жаткан ресурстарды чогултуу механизмдери менен бөлүштү. Иштин жыйынтыгында социалдык тармакта топ түзүлмөк болду, анда бардык кызыкдар катышуучулар иштелмелерге, материалдарга жана бет ачарларга жетүү мүмкүндүгүнө ээ болушат.

Секциянын ишинде баяндамачылар катары: Бишкектеги ыктыярчылар топтору кыймылынын координатору Хайбулина З. Ф., сергектик коомунун жетекчиси диакон Андрей Тонких «Сакаюуга мотивация жана социалдык кызмат көз каранды болгон адамдардын руханий тандоосунун пайдубалы катары» темасы боюнча жана епархиянын жаштар бөлүмүнүн жетекчиси Илия Бойко «Мен дүйнөгө керекмин. Жаштардын социалдык кызматы» темасы боюнча сөз сүйлөштү.

Секциянын ишине дин кызматкерлери, Борбордук благочиние приходдорунда социалдык иш үчүн жооптуу мээримдүүлүк айымдары, бөлүмдүн достору, Өзбекстан менен Казакстандын чиркөө жана социалдык секторлорунун өкүлдөрү катышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.