Бишкекте Биринчи Элдик Курултай өтүп жатат

  25 ноября 2022   На русском
В Бишкеке проходит Первый Народный Курултай

Курултай өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашык делегаты чогултту, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты. Бишкек жана Кыргызстан епархиясынан өкүл катары епархиянын билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавин дайындалган.

Курултайды ачып жатып, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров өлкөдөгү учурдагы абал, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары, реформаларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз сүйлөп, ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо жана  аларды чечүүнүн жолдорун издөөнү сунуштады.

Андан соң сөз делегаттарга берилди. Алар аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, суу менен камсыздоо, ГЭС куруу, коңшу мамлекеттер менен чек араларды тактоо жана юридикалык тариздөө процесстери, саламаттык сактоо, билим берүү, коррупция менен күрөшүү ж.б. байланыштуу социалдык маанилүү маселелерди көтөрүп, аларды шайлап жөнөткөн калктын маанилүү мүдөөсүн жеткиришти.

26-ноябрда Элдик Курултай өз ишин улантат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.