Бишкек жана Кыргызстан епархиясы Владимир гимназиясын курууга каражат чогултууну жарыялайт (ВИДЕО)

  30 ноября 2022   На русском
Бишкекская и Кыргызстанская епархия объявляет сбор средств на строительство Владимирской гимназии (ВИДЕО)

Эки нөөмөт менен 100 бала окуй ала тургандай 500 орунга эсептелген Владимир гимназиясынын окуу корпусун курууга каражат чогултуу жарыяланды. 

Азыр – бул ыйык тең апостоль князь Владимир атындагы мектеп, ал жакта эки нөөмөт менен 180 бала окуйт. Бул мектепте окууну каалагандардын суроо-талабы сунуштан үч эсе көп. Баш тартуунун себеби – имарат кичинекей. 

Ошондуктан 2016-жылы жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган. Гимназияны бүтүндөй Кыргызстандын масштабында орус тилчи мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу методикалык борбор кылуу каралган. Мектептин Россиянын мыкты педагогдору менен иштешүү тажрыйбасы бар, байланыштар түзүлгөн.

2017-жылы Патриарх Кирилл ыйыктаган келечектеги мектептин жайгашкан жери борбор калаанын экологиялык эң таза районунда – тоо этегинде, деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте, алты тилкелүү магистралды бойлой, Борбор Азиянын эң чоң соборунун – ыйык тең апостоль князь Владимир собоунун жанында жайгашкан.

Ыйык князь Владимир мектебинин жетекчилиги меценаттарды жана кайрымдуулук жасоону каалагандарды Владимир гимназиясын курууну каржылоого катышууга чакырат.

Уул өстүрүү, үй куруу жана бак отургузуу – ар бир адамдын жашоосу үчүн зарыл нерсе.

Миңдеген балдар үчүн билим уясын куруу – бул айдалган жана жер семирткич салынган топуракты даярдаган сыяктуу – жашоонун гүлү болгон балдарды – биздин келечегибизди тарбиялоо, билим берүү, өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн арналган.

----------------------------------------------------------------------

к/э 1013810000450174

"Керемет Банк" ААК,

720001, Бишкек ш., Тоголок Молдо көч., 40/4 үй

БИК 136001

ЭСЕП №   1360370005575467

«Ыйык тең апостоль улуу князь Владимир храмы» диний   уюму, Бишкек ш., Асанбай кичирайону, 52 А-үй

 

 

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2023 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.