2022-жылдын 1-декабрында Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын пресс-катчысы, иеромонах Михаил (Столяров) Борбордук благочиние дин кызматкерлери, катехизаторлор, приходдун жашоосун уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча настоятелдердин жардамчылары үчүн жар салып баарлашуу (огласительная беседа) боюнча семинар өткөрдү. Иш-чарага Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий катышты.
Бет ачарда Михаил ата угуучуларды оглашение өткөрүүнүн интерактивдик методикасы менен тааныштырды. Методиканын уникалдуулугу кечки баарлашуулардын ордун, убактысын, форматын, ошондой эле чоң аудиторияны окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алган өзгөчө мамиледе камтылган.
Бул методиканы пайдалануу менен 2015-жылдан бери Михаил ата дээрлик 50 топту чыгарган жана анын оң таасирин белгилеп келет. «Кудайдын жардамы менен, бул биздин колубуздан келди. Адамдар биринчи лекциядан кийин окуу процессине тартылып, кийинки лекцияларга келишет. Жар салып баарлашууну өткөрүү тажрыйбасына ылайык чиркөөгө тартылган адамдардын үлүшү жар салуудан өткөн адамдардын ичинен 25-30 пайызды түзөт, ал эми бул баарлашуунун башкы максаты болуп саналат».
Семинарда катехизаторго коюлуучу милдеттүү талаптар жөнүндө тема көтөрүлдү. «Эгерде катехизатор сүйүү менен аракеттенсе, анда адамдар ак ниеттүүлүктү жана колдоо көрсөтүүнү сезишет, бул адамдын алардын жашоосуна катышканын сезет. Тажрыйба көрсөткөндөй, айрым адамдар Чиркөөгө ага карата калыптанган терс мамилеси менен келишет, бирок окутуу процессинде бул мамиле толук өзгөрөт», - деп жыйынтыктады иеромонах Михаил (Столяров).