2-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында «Түндүк Кавказ элдеринин маданияты» IX эл аралык фестивалы өттү. Кыргызстан эл ассамблеясынын жетекчилигинин чакыруусу боюнча фестивалга епископ Савватий чакырылган.
Фестивалдын уюштуруучулары – КР Маданият министрлиги, Кыргызстан эл ассамблеясы жана Орус үйү (Русский Дом).
Фестивалга кавказ бийлерин аткарган Кыргызстандан жана Казакстандан келген жамааттар, ошондой эле чыгармачылык жамааттар, элдик ырларды аткаруучу артисттер катышты.