Ыйык Кудай Энени храмга киргизүүнү майрамдоо күнү епископ Савватий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды. Андан кийин владыка прихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда прихожандарды майрамы менен куттуктады. Кудайга сыйынуу аяктаганда соборду айлана кресттик жүрүш жасалды.
«Асман падышалыгына кирүү – ар бир адамдын башкы иши. Дене эки ирет жашаган сыяктуу эле, жан дагы эки ирет жашайт. Дененин биринчи жашоосу эненин курсагында болот, ал жакта бардык органдар өнүгөт, бирок курсакта алар керексиз, алар экинчи жашоо үчүн жаралышат. Ушул сыяктуу эле жердеги жашообуз бизге Түбөлүк жашоого органдарды өстүрүп жетишүү үчүн берилген. Момун, ак ниеттүү болуу өзүмчүлдүк жана керектөөчүлүк үстөмдүк кылган жашоо үчүн ыксыз тандоо болот. Баарын өзү үчүн алып, ушул жашоо үчүн байлык топтогондор мактанышат. Ошондуктан бүгүн биз сиздер менен Евангелие окуп жатабыз, ал бизге туура жолду үйрөтөт».
Үгүт-насаат видеосу даярдалууда