Приветственное слово Главы Бишкекской и Кыргызстанской епархии епископа Даниила к участникам IV Международной конференции «Ислам в современном светском государстве: опыт межконфессионального сотрудничества»

  26 ноября 2020  
Приветственное слово Главы Бишкекской и Кыргызстанской епархии епископа Даниила к участникам IV Международной конференции «Ислам в современном светском государстве: опыт межконфессионального сотрудничества»

Уважаемые организаторы и представители органов государственной власти, участники и гости конференции!

  Горячо приветствую организаторов, участников и гостей IV Международной конференции «Ислам в современном светском государстве: опыт межконфессионального сотрудничества». Сердечно благодарю за предоставленную возможность принять участие в обсуждении важнейших вопросов конструктивного межконфессионального взаимодействия в условиях светского государства и противодействия вызовам нашего времени.

  Все мы являемся свидетелями того, что за последние годы в Кыргызстане сделано многое, и продолжают создаваться условия для возможностей реализации принципа свободы вероисповедания с одновременной защитой и бережным сохранением основ традиционных духовно-культурных ценностей. Развивается межконфессиональный диалог и тесное сотрудничество ради укрепления в обществе мира и согласия, что так необходимо и жизненно важно для нашей страны. Тем не менее, новые вызовы динамично меняющейся ситуации современного общества побуждают нас не останавливаться на достигнутых результатах, но продолжать усовершенствование законодательной базы и правовых норм с наработкой рекомендаций, основанных на позитивном результате практического опыта.

  Характерная тенденция современного общества - религиозное и культурное многообразие. В новой религиозной ситуации произошло значительное увеличение числа конфессий, деноминаций, религиозных направлений; намечается рост числа их последователей. На фоне глубоких перемен в экономической, социально-политической и духовной областях жизни общества, происходящих в Кыргызстане, вопросы взаимоотношений государства с религиозными объединениями приобретают особую актуальность; от ее эффективности во многом зависит состояние межнациональных отношений, психологический климат и общественно-политическая ситуация в целом.

  Наблюдаемый в последние десятилетия религиозный подъем, казалось бы, забытых и безвозвратно утраченных духовных традиций, встречает настороженное, а нередко и враждебное отношение со стороны светской части общества, которое видит в этом угрозу сложившемуся мироустройству. В то время, как верующие христиане всеми силами своей души и свободной воли, стремящиеся к богоугодной жизни, полагают в основу своих поступков призыв Христов: «Заповедь новую даю вам, да любите друг друга; как Я возлюбил вас, так и вы да любите друг друга». (Ин 13:34). Который, в свою очередь, неразрывно связан с принципом - «И мы имеем от Него такую заповедь, чтобы любящий Бога любил и брата своего». (1Ин 4:21)

  Этим основам созвучны и гуманистические принципы Ислама: «Кто полюбил человека ради Аллаха и сказал: «Поистине я люблю тебя ради Аллаха», то они оба будут в раю, а тот, который сильнее полюбил, будет степенью выше другого» (хадис хасан). И: «Поистине, в День воскресения Аллах Всевышний скажет: «Где любившие друг друга ради величия Моего? Сегодня, в тот День, когда (иной) тени, кроме тени Моей не будет, Я укрою их в Своей тени!» (Муслим). Таким образом, глубоко верующие люди несут в общество заботу и взаимопомощь, мир и гармонию, человеколюбие и взаимоуважение, и не способны к каким-либо деструктивным действиям!

  Религиозный радикализм и экстремизм не является, естественным продолжением проявляемой религиозной ревности верующих и дальнейшим развитием духовной жизни. Этому недугу могут быть подвержены неофиты, не желающие прилагать длительные усилия в духовной жизни для достижения результатов и духовных плодов. Быстрые результаты, без терпеливого длительного труда очень заманчивы - это одна из главных проблем и причин библейского повествования о грехопадении наших общих прародителей Адама и Евы. Очень привлекательны громкие пафосные заявления и внешне эффектные поступки – ведь вместо того, чтобы бороться с грехом в себе, проще бороться с другими грешниками. Это результаты духовной необразованности и незрелости. Последствия целой эпохи гонений на верующих в ХХ веке ещё долго будут приносить свои горькие плоды. Почти до основания была разрушена цельная система духовного образования, нарушена преемственность традиций религиозно-философской школы и система сотрудничества религии и государства. Самообразование в глубоких предметах догматического и философского содержания путь не только тупиковый, но и опасный. В этой связи не выдерживает никакой критики настороженная озабоченность светской части общества растущим интересом к религиозно-богословскому образованию широких слоев населения. Но, конечно же, необходим грамотный подход и квалифицированный контроль в этой области!

  В столь важном и благом деле, совместными усилиями, в тесном взаимодействии и всестороннем сотрудничестве мы сможем успешно противостоять различным современным вызовам и угрозам. Традиционный ислам в Кыргызстане уделяет данной проблеме много сил и времени , чтобы возникшие глубинные проблемы были решены. Новые идеи и примеры созидательной и результативной деятельности, несомненно, обогатят всех нас и послужат благой цели упрочения межконфессионального и межэтнического мира, стабильности и процветания нашего Кыргызстана!

  Искренне желаю организаторам, участникам и гостям IV Международной конференции помощи Божией, успешной и плодотворной работы!

 

 

Урматтуу уюштуруучулар жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, конференциянын катышуучулары жана меймандары!

  “Ислам заманбап светтик мамлекетте: конфессиялар аралык кызматташтык тажрыйбасы” IV Эл аралык конференциясынын уюштуруучуларына, катышуучуларына жана меймандарына жылуу салам жолдойм жана чакырганыңыздар жана светтик мамлекет шарттарында конструктивдүү конфессиялар аралык өз ара аракеттенүү жана азыркы мезгилдин чакырыктарына каршы аракеттенүү маанилүү маселелерин талкуулоого катышуу мүмкүнчүлүгүн бергиниңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

  Биз бардыгыбыз акыркы жылдары Кыргызстанда салттуу руханий-маданий баалуулуктардын негиздерин коргоо жана аярлап сактоо менен бир убакта дин тутуу эркиндиги принцибин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү үчүн көп иш жасалып жана шарттар түзүлүп жатканына күбө болуп жатабыз. Коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө үчүн конфессиялар аралык диалог жана тыгыз кызматташтык өнүгүп жатат, бул биздин өлкө үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Бирок заманбап коомдун динамикалуу өзгөрүп жаткан кырдаалынын жаңы чакырыктары биз жетишкен жыйынтыктар менен токтоп калбастан, практикалык тажрыйбанын позитивдүү жыйынтыгына негизделген сунуштарды иштеп чыгуу менен, мыйзам чыгаруу базасын жана укуктук ченемдерди өркүндөтүүнү улантууга түрткү берет.

  Заманбап коомдун мүнөздүү тенденциясы – диний жана маданий ар түрдүүлүк. Жаңы диний кырдаалда конфессиялардын, деноминациялардын, диний багыттардын саны кыйла көбөйүп, алардын жолун жолдогондордун санынын тез өсүп жатат. Кыргызстанда болуп жаткан коомдун экономикалык, социалдык-саясий жана руханий чөйрөлөрдөгү терең өзгөрүүлөрдүн фонунда мамлекет менен диний бирикмелердин ортосундагы мамилелер маселелери өзгөчө актуалдуулукка ээ болот, анын натыйжалуулугунан көп жагынан этностор аралык мамилелердин абалы, психологиялык климат жана жалпысынан биздин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал көз каранды болот.

  Акыркы он жылда байкалган диний деңгээлдин жогорулашы жана унутулгандай жана орду толгус жоготулгандай туюлган, руханий каада-салттардын жанданышы коомдун светтик бөлүгүнүн этият жана көп учурда кастык мамилесине кабылат, алар муну калыптанган дүйнөнүн түзүлүшүнө, калыптанган баалуулуктар системасынын өзгөрүшүнө жана коомдогу өз ара маилелердин негиздерине коркунуч катары көрүшөт. Христиандар жан дүйнөсү жана эрки менен жакшы жашоого умтулуп, өзүнүн жасаган иштерин Христостун төмөндөгү чакырыгына негиздешет: “Мен силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө; Мен силерди сүйгөндөй эле, бири-бириңерди да сүйгүлө”. (Ин 13:34). Бул, өз кезегинде, “Бизде Кудайды сүйгөн адам бир тууганын дагы сүйүшү керек деген осуят бар” принциби менен ажырагыс байланышта болот. (1Ин 4:21). Исламдын гуманисттик принциптери ушул негиздерге шайкеш келет: "Кимде-ким бир адамды Алла үчүн сүйсө жана деп айтса: " Чындыгында мен сени Алла үчүн сүйөм", анда экөө тең бейиште болушат, ал эми көбүрөөк сүйгөн адам экинчисинен бир даражага жогору болот" (хадис хасан). Жана: “Чындыгында, Кыямат күнү Алла айтат:

“Менин улуулугум үчүн бири-бирин сүйгөндөр кана? Бүгүн, Менин көлөкөмдөн башка көлөкө болбой турган күн, Мен аларды Өз көлөкөм менен калкалайм!” (Муслим). Ошентип, терең динчил адамдар коомго камкордукту жана өз ара жардамды, тынчтыкты жана шайкештикти, адамды сүйүүнү жана өз ара сый-урматты алып келишет жана эч кандай кыйратуучу аракеттерди жасоого жөндөмсүз болушат!

  Коомдун светтик бөлүгү корккон диний радикализм жана экстремизм динчилдердин диний ичи тардыгынын жана руханий жашоонун андан ары өнүгүшүнүн табигый уландысы болуп саналбайт. Бул ооруга руханий жашоодо натыйжаларга жана руханий жемиштерге жетишүү үчүн көп күч-аракет жумшоону каалабаган динге жаңы киргендер (неофиттер), ошондой эле калктын төмөнкү социалдык абалы кабылышы мүмкүн. Сабырдуулук менен көп эмгек жумшабай, тез натыйжага жетүү абдан азгырат – бул биздин жалпы ата-бабаларыбыз болгон Адам менен Еванын күнөөгө баткандыгы жөнүндө библиялык баяндаманын негизги көйгөйлөрүнүн жана себептеринин бири. Катуу айтылган жалган билдирүүлөр жана сыртынан таасирдүү көрүнгөн жоруктар абдан жагымдуу – анткени өзүндөгү күнөө менен күрөшүүнүн ордуна, башка күнөөкөрлөр менен күрөшүү оңой. Мунун бардыгы рухий сабатсыздыктын жана жетиле электиктин натыйжасы. ХХ кылымдагы динге ишенгендерди куугунтуктоонун бүтүндөй доорунун кесепеттери дагы көпкө өзүнүн терс натыйжасын тийгизет. Руханий билимдин бүтүндөй тутуму дээрлик жер менен жексен болуп, каада-салттардын жана диний-философиялык мектептин улантуучулугу жана дин менен мамлекеттин жашоо тутуму бузулган. Догматикалык жана философиялык мазмундагы терең предметтерде өз алдынча билим алуу туңгуюк гана эмес, опурталдуу жол да болуп саналат. Ушуга байланыштуу, коомдун светтик бөлүгүнүн калктын кеңири катмарынын диний-кудай таануу билим алууга болгон кызыгуусунун өсүшүнө байланыштуу этияттык кылган бушаймандыгы эч кандай сынга туруштук бере албайт. Бирок, албетте, бул жаатта жөндүү мамиле жана квалификациялуу көзөмөл керек!

  Ушундай маанилүү жана жакшы иште, биргелешкен аракеттер менен, тыгыз өз ара аракеттенүү жана ар тараптуу кызматташтык менен, биз ар кандай заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга ийгиликтүү туруштук бере алабыз, Кыргызстанда салттуу ислам пайда болгон терең көйгөйлөрдү чечүү үчүн көп иш жасап жана көп күч жана убакыт коротуп келет. Жаңы идеялар менен жаратман жана натыйжалуу иштин үлгүлөрү баарыбызды байытып жана конфессиялар аралык жана этностор аралык тынчтыкты, туруктуулукту чыңдоого жана Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн кызмат кылат! Төртүнчү Эл аралык конференциянын уюштуруучуларына, катышуучуларына жана меймандарына чын дилимден Кудайдын жардамын, ийгилик жана жемиштүү иш каалайм!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.