Москва жана жалпы Орусия Патриархы Кириллдин батасы менен Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил епархиянын дин кызматчылары - протоиерей Валентин Никонов жана епархиялык башкармалыктын катчысы иерей Александр Пелин менен бирге Ыйык Жерге - касиеттүү Израилге зыяратчылык сапары менен барышты. Бул сапар епархиянын кайрымдуулук жардам берүүчүлөрүнүн демөөрчүлүгү менен 18-апрелден тартып 27-апрелге чейин болду.
18-апрелде Израилге бараары менен зыяратчылардын тобу Галилеяга жана анын айланасындагы ыйык жерлерге: Назарет, Капернаум шаарларына, Фавор тоосуна барышты. Галилей деңизинин (Тивериад же Генисарет деңизи) жанындагы Тивериадда, Сусит шаарынын кыйрандыларында епископ Даниил Кудайгы сыйынуу литургиясын өткөрдү.
21-апрелде эртең менен зыяратчыларды Ыйык Иерусалим Патриархы Феофил кабыл алып, Кудай Иисус Христтин, ыйык Кудай эненин, ыйык апостолдордун жана Кудай жактырган инсандардын жердеги жашоосуна байланыштуу ыйык жерлерге баруу үчүн жана Кудайга сыйынуу үчүн епископ Даниилге батасын берди.
21-апрелден 22-апрелге караган түнү епископ Даниил епархиянын кызматчылары менен бирге Кудайдын Табыты храмында өткөн Түнкү литургияга катышты. Орус диний миссиясына таандык болгон Мария Магдалена храмында Улуу урматтуу епископ Бишкек епархиясынын дин кызматчылары менен бирге Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү. Ошондой эле владыка Даниил кырк күндүк тоо аталып жүргөн Искушение тоосунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүп, Кудай эненин күмбөзүнө таазим кылды.
Зыяратчылардын тобу сапардын жүрүшүндө Иерусалимдеги жана ага жакын жайгашкан аймактагы ыйык жайларга: Вифлеемге, Иордан чөлүнө, Ыйык Савва монастырына, Иордан дарыясына, Гефсиманияга, Елеон тоосуна, Спасовознесенск монастырына, Иоанн Креститель турагына жана Ыйык жердин башка ыйык жайларына барышты.