Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  30 апреля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 29-апрелинде, пасханын 4-аптасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск  кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтууга төмөнкүлөр жардам беришти: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев.

Кудайга сыйынуу литургиясы бүткөндөн кийин владыка Даниил проповедь айтты. Өз сөзүндө Улуу урматтуу расслабленное жөнүндө Евангелие окуусун чечмелеп берди.

Андан кийин владыка Даниил Пасха майрамынын урматына, Орус Православ Чиркөөсүнө өтөгөн кызматы үчүн  Архиерейлик чиркөө хорунун регенти Лариса Распутинага үчүнчү даражадагы Ысык-Көлдүк преподобный Ираклий атындагы медаль тапшырды. Архиерейлик чиркөө хорунун ырчылары Архиерей грамотасы менен сыйланышты.

Собордун келүүчүлөрүнө кайрылган владыка Даниил көп учурда адамдар ырчылардын эмгегин байкабай, алардын жоопкерчиликтүү кызматы бааланбай калып жатканын белгиледи. Владыка уюштуруучулук таланты жана жүрөгүндө ишеними бар адам гана регент болушу керек экендигин айтты. “Биздин хорго урматтоо менен мамиле жасоону суранам, анткени ырчылар биздин чиркөөдөгү ангелдердин үнү”, - деп баса белгиледи епсикоп.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.